Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Кароосуз калган балдарга арналган «тегерек үстөл» жыйыны Жалалабадда өттү


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Жалалабаддагы маалымат борборунда «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Ага облустагы укук коргоо уюмдарынын жана күч органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында балдардын укуктарын коргоонун абалы талкууланып, кароосуз балдар жасаган кылмыштар көбөйүп баратканы айтылды. «Тегерек үстөлдүн» катышуучулары маселени чогуу изилдеп көрүп, “АКШнын Улуттук демократиялык институтунун кичи гранттарына долбоор даярдоо зарыл” деген пикирге келишти. Жалалабад шаарындагы жабылып калган 30 орундуу балдар үйүн кайра иштетүү демилгеси да көтөрүлдү. Балдар фондунун маалыматы боюнча, Жалалабад шаарында эле кароосуз калган балдардын саны 300дөн ашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG