Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

КАРАБУУРА РАЙОНУНДА ТӨӨ БУУРЧАК ӨСТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 10-январда Карабуура районунда төө буурчак өстүрүүчүлөрдүн жыйыны өттү. Анда төө бурчак сатып алуу боюнча монополисттик абалга умтулуп жаткан «Робин» фирмасын Кыргызстандан кетирүү маселеси талкууланды.

«Робин» фирмасы мындан бир нече жыл мурда Бакайата районунда каттоодон өтүп, облустук администрациянын колдоосуна жетише алган. Ал тургай фирманын өкүлдөрү «Манас Ордо» комплексине мал союп, бардык айыл өкмөт башчыларына, айыл аксакалдарына сый тамак уюштуруп, «төө буурчакты колуңардан келишинче эге бергиле, килограммын бери болгондо 20 сомдон сатып алабыз» деп убада беришкен. Чынында эле, мурда килограммы 5-6 сомдон алынып жүргөн төө буурчак 2002-жылы күзүндө 20 сомдон кемибеген баада сатылып алынып, жарды дыйкандар боорун жерден көтөрө башташкан.

Ошентип, 2003-жылы төө буурчак эгилген аянт облуста 14 миң гектардан ашты. Бирок өткөн күздө абал кескин өзгөрдү. Башка фирмалардын иштешине көмүскө да, көрүнөө да бут тосуп, Таласта монополист болуп калган «Робин» фирмасы төө буурчактын бир килограммын 10 сомдон көтөрбөй койду. Мындай абалга нааразы болгон эл күздөн бери «Робиндин» Таластан кетишин талап кылып келет. Эл өтүнүчүн аткарууга жергиликтүү бийлик да батынып кирише албаган соң, бир нече дыйкан жакында президенттик администрацияга арызданып барышкан.

Карабуурада 10-январда өткөн жыйынга айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Александр Костюк, Жогорку Кеңештин депутаты Алымбай Султанов келишти. «Робин» фирмасынын кеңсесинин алдына чогулган 500дөй дыйкандар министрдин, депутаттын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сөздөрүн угуп, суроолорун беришти. Элдин “«Робин» фирмасын Кыргызстандан чыгарып жибериш мүмкүнбү?» деген суроосуна депутат Алымбай Султанов минтип жооп берди:

- Кыргызстанда мыйзам бар. Ага ылайык, эгерде элге каршы иш жасалбаса, эч бир фирмага чектөө коюлбайт. Бирок эл ушундай талап кылып атса, «булар кетсин» деп атса, элдин талабы аткарылышы керек. Мамлекет элден турат. Ошондуктан, менимче бул туура талап. Мыйзам чегинде, айталы, “туура эмес” деши мүмкүн, аны ар кандай негиздесе болот. Бирок эл талап коюп аткандан кийин, элдин талабын аткарыш керек.

««Робин» фирмасын Кыргызстандан эмне үчүн кетиргиңер келип жатат?» деген суроого Чоңкарабуура айылынан келген дыйкан Атантай Маматраимов минтип жооп узатты:

- Биздин «Робин» фирмасына нааразы болуп атканыбыздын себеби - өстүрүп алган төө буурчагыбыз эң ылдыйкы баада, арзан болуп калып атат. Биз бир гектарга 8-9 миң сом чыгаша кылсак, алганыбыз 7 миң сом акча. Ошон үчүн «Робин» фирмасына каршыбыз. Анткени, элдин жеген тамагынан, кийген кийиминен - бүт баарынан ажыратып, кыргызча айтканда, акыр заманга алып келип атат. Ошон үчүн «Робин» фирмасынын кетишин каалап атабыз, бул - биринчиден. Экинчиден, «Робин» фирмасы бул жерде монополисттик, ачыгын айтканда, талап-тоноочулук иш кылып жатат. Башка фирмалар төө буурчак базарына кире албай, биз продукцияны жакшы баада саталбай жатабыз. Ошон үчүн «Робин» фирмасы Кыргызстандын чегинен чыгып кетсин. Биз төө буурчакты башка фирмаларга сатып, тирилигибизди кылабыз. «Робин» фирмасы чыгып кетмейинче карабууралыктардын көтөрүлгөнү көтөрүлгөн.

2-3 саатка созулган жыйындан кийин атайын түзүлгөн комиссия «Робин» фирмасынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жыйынтыгын комиссия төрагасы Элебай Отунчиев мындайча айтып берди:

- «Робин» фирмасы менен мындай макулдашууга туура келди. Элдин талабы боюнча «Робин» фирмасы быйыл 25-январга чейин сактоодо турган товарларын толугу менен чыгарып кетет. Башка жактан эч кандай төө буурчак албайт. Андан кийин дагы сүйлөштүк, эгерде 25-январда булар чыгып кетпесе, элдин андан аркы иш-аракеттерине биз, комиссия мүчөлөрү, жооп бербейбиз деп чечтик. Булар ошого макул болушту.

Таластан кетүүгө мажбур болуп жаткан «Робин» фирмасынын президенти Сулейман Машалла кабыл алынган чечимди минтип баалады:

- Бүгүнкү чогулуштан кийин элдин тынчын албайлы деп, биз Карабуура элине компромисске барып, комиссиянын пикирине макул болдук.

Ошентип, 25-январдан баштап «Робин» фирмасы Таластан чыгып кете турган болду.

XS
SM
MD
LG