Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Британ премьери тергөө ал эксперт Келлинин өлүмүнө байланыштуу калп айтканын аныктаса, кызматтан кетүүгө даяр


Бул тууралуу Блэр бүгүн Би-Би-Си ге берген маегинде кайрадан билдирди. Ишти иликтеп жаткан судья тергөөнүн жыйынтыгын алдыдагы бир нече аптанын аралыгында жарыялары күтүлүүдө. Британ коргоо министрлигинин Ирак боюнча эксперти Девид Келлинин билегинен кан тамырлары кесилген сөөгү өткөн жылдын июль айында өз үйүнөн алыс эмес жерде табылган. Полиция ал өз өмүрүн өзү кыйганын билдирген эле. Мунун алдында Би-Би-Си британ өкмөтү Ирактагы согушту актоо үчүн анын массалык кыргын салуучу куралдарынан келген коркунучту апыртып жиберген деген маалымат эксперт Девид Келлиден алынганын кабарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG