Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Ирактын Амара шаарынын тургундары британ аскерлери менен кайрадан кагылышты


Маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда алар аскерлерди таш бараңга алышып, жергиликтүү бийликтин кайтарууда турган кеңсесине кирүүгө аракеттенишкен. Ал эми аскерлер демонстранттарга каршы желим таяктарды колдонушту. Жумуш талап кылып көчөгө чыккандардын кеминде алты катышуучусу кечээги тополоңдун учурунда ирак полициясы менен британ аскерлеринин огунан мерт болгон эле. Британ армиясынын өкүлү Тим Смит беш адамдын каза тапканын ырастады:
- Биз беш адамдын, ооруканада алардын өмүрүн сактап калуу аракети көрүлгөнүнө карабай, каза тапканын ырастай алабыз. Учурда эмне болгонун тактоо үчүн иликтөө иштери жүрүүдө.
Британ коргоо министрлигинин билдиргение караганда, жергиликтүү полиция менен британ аскерлери демонстранттарга каршы коргонуу максатында ок чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG