Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

Жалалабад облусунун энциклопедиясы жарыкка чыкты


ЖАЛАЛАБАД. «Кыргыз полиграф комбинаты» 2 миң нускада чыгарган 35 басма табак көлөмдөгү түстүү энциклопедия облустун мекеме, уюмдары менен шаар, райондоруна таратылды. Китепте Жалалабад кантон болуп түзүлгөн 1924-жылдан берки тарыхый маалыматтар камтылган. Бул аралыктын ичинде Жалалабад Ош облусуна эки ирет кошулуп, кайра бөлүнгөн. Китептин чыгымы 736 миң сомду түздү. Бир китепке 364 сом жумшалганы айтылууда. Энциклопедияны облустук бийликтин мамлекеттик тил боюнча кеңешчиси Базаркул Асанбеков менен республикалык «Энциклопедия борбору» даярдаган.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG