БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Иран ислам республикасына гуманитардык жардам жөнөтүүгө кам көрүп жатат. Декабрь айында Иранда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында мындай токтомду премьер-министр Н. Танаев 9-январда чыгарган. Ага ылайык 20 тонна 1-сорттогу ун, 10 тонна кумшекер жана 5 тонна дары-дармек камдалды. Гуманитардык жардам 19-январда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учак менен жеткирилээри болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Эмил Акматов билдирди.