Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Бишкекте жаңы кичи район курулмак болду


БИШКЕК. Бишкек шаарында 20 турак үйдөн турган жаңы кичи район курула турган болду. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев турак үйлөр курула турган жердин шарты менен таанышып чыкты. Үйлөрдүн курулушун Кытай Эл Республикасындагы «Порт ЛТД» деп аталган кредиттик-инвестициялык компания каржылай турганы айтылууда. Буга байланышкан макулдашууга аталган компания менен Турак жай курулушу боюнча мамлекеттик департамент декабрь айында кол коюшкан. Ага ылайык үйлөрдү курууга Кытай тарап 20 млн. доллар бөлөт жана март айында алгачкы төрт үйдүн курулуш иштери башталып, октябрга чейин бүтөөрү болжолдонууда. Калган 16 үй жакынкы 2-3 жыл аралыгында салынаары болжолдонуп жатат. Ар бир чарчы метринин наркы болжол менен 300 долларга чейинки баада турган бул үйлөр курула турган аймак 15-кичи район деп аталып, ал Жал кичи районуна жакын жайгашат. Бул тууралуу Турак жай курулушу боюнча мамлекеттик департаменттин башчысынын орун басары Гүлнара Сатыбалдиева бүгүн «Азаттык» радиосуна билдирди.

XS
SM
MD
LG