Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Кыргызстан экономикасы эркин эмес мамлекеттердин катарына кирээри айтылууда


БИШКЕК. Экономиканын эркиндиги боюнча дүйнөдөгү 155 өлкөнүн арасында Кыргызстан 103-орунда турат жана экономикасы эркин эмес деп эсептелет. Бул - «Heritage Foundation» иликтөө уюму жана «The wall street journal» газетасы тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында аныкталган. Экономика эркиндигинин абалын аныктоодо ал өлкөлөрдөгү салык саясаты, бийликтин экономикага болгон таасири, ишкерчиликти жүргүзүүгө болгон укуктук негиздер жана башка көрсөткүчтөргө көңүл бурулган. Мурдагы совет биримдигине кирген республикалардын арасынан эркин экономикалуу мамлекет катары алтынчы орунду алып, Эстония алдыда. Андан соң Армения 44-орунда, Грузия - 91, Кыргызстан - 103, Азербайжан - 106, Тажикстан - 146 орунда тураары көрсөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG