Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:59

Депутаттык комиссия энергетика тармагынын абалын териштирүүгө киришти


БИШКЕК. Өзүнүн күзгү сессиясында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны кышка даярдык көрүүнүн абалын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Анын бүгүн өткөн алгачкы уюштуруу жыйынында комиссиянын төрагалыгына депутат, өнөр жайды жана ишкерликти стратегиялык жактан өнүктүрүү комитетинин төрагасы Жаныш Рустембеков дайындалды. Алгачкы отурумда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, аталган комиссия жазга чейин өлкөдөгү электр кубатын жана газды пайдалануунун эсебин тактап, иликтөө жүргүзүп чыгат. Комиссиянын курамында Болот Шерниязов, Валерий Диль, Болот Байкожоев, Бакир Жолчиев, Кыдыкбек Исаев бар. Комиссия отурумунун чечимине ылайык депутаттар иликтөөлөрдү адегенде аймак-аймак боюнча жүргүзүшүп, тыянагын жазгы сессияга сунушташат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG