Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Юристтер ассоциациялары соттук териштирүүлөргө мониторинг жүргүзө баштайт


БИШКЕК. Юристтердин америкалык жана кыргызстандык ассоциациялары ушул аптадан тартып Кыргызстанда сот системасынын жагдайы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзө баштайт. Мониторинг өлкө аймагындагы соттук териштирүүлөрдүн мыйзамдуулугун, жабырлануучулардын жана адвокаттардын укуктарынын сакталыш деңгээлин аныктоо максатын көздөйт. Мониторинг жарым жыл бою жүргүзүлүп, анын тыянагы боюнча отчет даярдалат.
Мониторинг өткөрүү боюнча долбоордун алкагында үч күндөн бери жүрүп жаткан семинар ишин бүгүн аяктады. Анда Улуу Британияда жайгашкан юристтердин Эларалык комиссиясынын өкүлдөрү жергиликтүү адвокаттар менен укук коргоочуларга дарс окушту.

XS
SM
MD
LG