Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

АКШнын конгрессмендеринин эки жардамчысы Түндүк Кореядагы иш сапарын жыйынтыктады


Сеул. АКШнын конгрессмендеринин эки жардамчысы бүгүн Түштүк Кореянын биригүү министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, аларды өздөрүнүн Түндүк Кореяда болгон ишсапарынын жыйынтыктары менен тааныштырды.
Алар Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды өнүктүрүү үчүн пайдаланылды деп шектелген Йонбйондогу өзөктүк комплекстерди көрүп келишкен болчу.
Бул бир жылдан ашуун убакыт мурда Түндүк Кореянын бийликтери Бириккен улуттар уюмунун инспекторлорун өлкөдөн чыгарып жибергенден кийинки алгачкы визит болду.
Түндүк Корея ишемби күнү америкалык делегацияга өзөктүк коргонуу куралдары көрсөтүлдү деп билдирди.
Бирок делегация мүчөлөрү өзөктүк куралдарды, же өзөктүк технологияны көрүшкөндүгү тууралуу так маалымат берише элек.

XS
SM
MD
LG