Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Солана Иран бийлигин алдыдагы шайлоону адилет жана эркин өткөрүүгө чакырды


Европа Биримдигинин тышкы саясаты боюнча комиссары Хавиер Солана Иран өкмөтүн “Эркин жана адилет шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ал бул парламенттик шайлоо Иран менен Европа Биримдигинин өз ара мамилеси үчүн өтө маанилүү деп айтты.
Солана бүгүн Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази менен жолугушту.
Ирандын реформачыл мыйзам чыгаруучулары жүздөгөн талапкерлерди, анын ичинде азыркы депутаттарды келээрки айда өтүүчү парламенттик шайлоодон четтеткени үчүн эскичил диниятчыларга нааразычылыгын билдиришкен.
Солананын айтымында, азыркы депутаттардын шайлоодон четтилишин европалыктарга түшүндүрүү кыйын.Эки күндүк визит учурунда Европа биримдигинин өкүлү Ирандын өзөктүк программасын жана адам укуктарынын абалын талкуулайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG