Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Пакистандын премьер-министри бүгүн расмий сапар менен Ооганстанга келди


Премьер Зафарулла Хан Жамали ооган лидери Хамид Карзай менен эки өлкө ортосундагы террорчулукка каршы кызматташтык, анын ичинде чек ара аймагындагы райондордогу аскерлердин жана гуманитардык жардамдарды таркатуучулардын, ошондой эле жергиликтүү тургундардын тынчын алган талибдер менен “ал-Кайидачыларга” каршы биргелешип күрөшүү аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ооган жетекчилиги кол салууну уюштуруучулар Пакистандын аймагында жашынып жүрүшөт деп ырастоодо. Исламабад бул доону четке кагып келет.
Жамалинин иш-сапары алдында Пакистандын түрмөсүнөн 149 оогандык бошотулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG