Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП КАТТАГАН ДЕПУТАТТАР, ГРУЗИЯ САБАКТАРЫ, ОППОЗИЦИЯНЫН САЛМАГЫ


Кабыл Макеш,Бишкек 12- январда «Вечерний Бишкек» басылмасы гана жарык көрдү. Гезитте чет өлкөлөргө көп барган депутаттардын тизмеси жарыяланып, ага казынадан канча каражат чыгымдалганы жөнүндө макала жарыяланган. Ал эми басууга даярдалып жаткан гезиттерде оппозициянын абалы, Грузиядагы шайлоо, КДК партиясынын демилгеси тууралуу макалаларга орун берилүүдө.

12- январдагы «Вечерний Бишкек» басылмасында Эльвира Темирдин Жогорку Кеңештин депутаттарынын кимиси канча ирет чет өлкөлөрдө болуп, алар үчүн канча каражат корогонун талдоого алган макаласы жарык көрдү. Депутаттардын ичинен үч жылда чет мамлекеттерге көп баргандардын катарында Ишенбай Молдоташев, Алишер Абдимомунов, Өмүрбек Текебаев , Акылбек Жапаров, Бектур Асанов жана башкалар бар. «Алардын саякаттарынан эч кандай натыйжа болгон жок», - деп жазат автор.

13 - январда басууга даярдалып жаткан «Агым» гезитинде кабарчы Мамат Сабыровдун КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев менен маеги бар. Жыпар Жекшеев «Акаев өз чөйрөсүнүн туткуну болуп калды» деп, КДКнын түштүктөгү координаторунун чечимин туура эмес эсептеп, мындай демилге менен чыккандар партиянын саясий кеңешинин алдында жооп берээрин эскертет.

Ушул эле «Агым» басылмасынын кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков өлкөдөгү оппозициянын салмагы жеңил экендигин, алар өткөн жылда ашкере радикалдуу, сабырдуу жана ортомчул көз-караштарды тутунган топторго бөлүнгөнүн, булардын биригүүсү кыйын болоорун жана өкмөтчүл партиялар Орусияны туурап, биригип жаткандыгы тууралуу макаласы да басууга даярдалып жатат.

13 - январда жарыкка чыга турган «Республика» басылмасында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков жаңы Шайлоо кодекси кандай кабыл алынганы жөнүндө кеңири сөз кылат.

Ушул эле басылмада Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу болуп келген Топчубек Тургуналиев менен болгон маекке да орун берилип жатат. «Грузиядагыдай болуп, президент Аскар Акаев шайлоону күтпөй, бийликтен эртерээк кетсе, элге да, өзүнө да жакшы болоор эле», - дейт Топчубек Тургуналиев.

13 - январда жарык көрчү «Аалам» басылмасына кандай макалалар басылууга даярдалып жаткандыгын гезиттин баш редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев айтып берди:

- Дүйнөлүк террорчулук тууралуу Үсөн Дайырбековдун макаласы, Грузиядагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоочу болуп келген Топчубек Тургуналиев менен болгон маек жана депутаттарыбыздын мамлекеттик тил мыйзамы жөнүндө ой- пикирлерине орун берилүүдө. Баяс Туралдын «Киргиздер менен кыргыздардын айырмасы же депутат Зайнидин Курмановго каяша» деген макаласы да жарыяланганы турат.

13 - январда чыга турган «Эркинтоо» басылмасы өлкөдөгү электр энергиясы боюнча карыздарды өндүрүү, энергияны уурдап пайдалангандар тууралуу макалалардын түрмөгүн даярдап , окурмандарга сунуш кылганы жатат.
XS
SM
MD
LG