Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН КОСМОСТУ ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕСИНИН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ?


Эртең АКШ президенти Жорж Буш космосту иликтөө тармагындагы жаңы демилгени жарыя кылмакчы. Атап айтсак, америкалыктар Айда туруктуу космостук бекет куруу долбоорун баштоого ынтызар. Бул бекет курулуп калса, анда ал алыскы болочокто Марсты көздөй аттанган кемелер өргүй турган жай болот. Ал эми президент Бушка каршы саясатчылар бул демилгенин артында быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоо өнөктүгүнө камылганын дагы бир айла-амалы турат дешүүдө.

АКШнын космосту иликтөө агенттиги – НАСА үчүн былтыркы жыл өзгөчө татаал болду. Өткөн жылы февралдын 1инде алар өтө олуттуу кайгыны баштан кечирген.

Хюстон шаарындагы космостук учууну башкаруу борбору жаңы эле орбитага узатылган “Колумбия” космостук чөлмөгүнөн келген кабарды так уга албай жатканын айтып жатканда, кемеден “Рожер” деген соңку сөз гана жетти да, кеме быт-чыты чыгып жарылды. Чөлмөктөгү жети астронавт тең курман болду.

НАСА агенттиги бул оор жоготуунун психологиялык жүгүнөн саал арылып, быйылкы январ айынын 3үндө өзүнүн жаңы ийгилиги тууралуу коомчулукту маалымдады. Америкалык адистер жасаган “Спирит” деген робот аппарат Марс планетасынын кыртышына конуп, алгачкы маалыматын Жерге жибергенин НАСАнын өкүлү Шон О ‘Кииф ошол күнү төмөнкүдөй сүйүнчүлөдү:

- Бул – НАСА үчүн керемет бир түн болду. Мен НАСА адистери үчүн абдан сыймыктанып турам. Биз эми Марстабыз. Бул милдет мурда кулак угуп, көз көрбөгөндөй ийгилик менен өтөсүнө чыгарылды.

Эми январдын 14үндө президент Жорж Уокер Буш дагы бир космостук демилгени жарыяламакчы. НАСАнын долбоору, чынында да, кылымдык максатка тете: Айга алгачкы болуп өз астронавтын кондура алган америкалыктар эми Жердин бул жандоочусуна ээр токууга ынтызар. Тактап айтканда, Айда космостук иликтөөлөрдү туруктуу жүргүзө турган атайын бекет курулууга тийиш. Бекеттин түпкү максаттарынын бири – алыскы болочокто Марсты көздөй сапарга аттанган кемелер үчүн өргүү жайы болуу.

Бул демилгени, бирок, президент Буштун сынчылары дароо курч сынга алып киришти. Алардын айтымында, Жорж Уокер Буш быйыл күзүндө боло турган президенттик шайлоодо кошумча упай алуу максатында популисттик долбоор даярдаган. Анын атасы Жорж Буш да 1989-жылы космостук долбоорду жарыялап, Айга жаңы астронавт учуралы деп чыккан. Бирок бул учуруунун кеминде 400 миллиард долларга тураарын эске алып, Конгресс аны четке каккан.

Кичүү Буштун долбоору кеминде 800 миллиард долларга тете болушу ыктымал. Ал эми НАСАнын быйылкы бүжөтү 15 миллиард гана долларды түзөт. Өлкөнүн экономикасы эми гана оңоло баштады деген чакта, мындай оор жүктү Кошмо Штаттар көтөрө алаар бекен?

Буштун каршылаштары бул демилгени да анын атасынын Ай долбоорунун артынан жокко чыгарууга умтулаары шексиз. Арийне, Виржиния университетинин профессору Ларри Сабатонун оюнча, азыркы тапта Буштун партиясы – республикачылар Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктү түзөт, демек, президенттин долбоорунун кайсы-бир бөлүгү парламент тарабынан кабыл алынышы ажеп эмес.

Деги, Буш эмне үчүн ушундай залкар долбоорго азгырылып жатат? Сабато мырза бул суроого төмөнкү оюн билдирет:


- Президенттер тарых китептеринде бадырайып жазылып калчудай чоң иштерди жактырат. Эстеп коюңуз, эгерде бул долбоор жүзөгө ашырылчу болсо, анда космосту иликтөө мындан кийинки 20, 30 же 40 жылды кучагына албай койбойт. Болочоктогу баяндамачылар анан мындай деп жазаары бышык: “Бул долбоордун башатында тээ 21-кылымдын башында бийлеген президент Жорж Уокер Буш турган эле”. Дал ушундай баянды президенттер жактырат. Алар өздөрү бийлик кылган учурдан кийин да эл эсинде жашоону самашат.


Албетте, саясат деген саясат эмеспи. Бирок космосту улам тереңдеп иликтөөнү самаган карапайым илимпоздор дайыма өкмөттүн жана коомчулуктун улам жаңы каржылык салымына муктаж экени да чын. Циолковский, Цандер жана башка нечендеген инсандар каржылык тартыштыктын, өздөрүн колдогон саясий эрктин жоктугунун азабын тартышкан. Адистердин айтымында, азыркы НАСА деле, башка технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн космос таануу адистери деле каражатты согушка эмес, илимге коротолу дегенде эки көзү төрт.
XS
SM
MD
LG