Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:20

КЫРГЫЗСТАНДЫН ШАРТЫНДА РАК ООРУЛАРЫНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ МҮМКҮНБҮ?


Чолпон Орозобекова, Жаркын Ибраева, Ырысбай Абдыраимов «Коом жана турмуш» маалымат - аналитикалык берүүбүздүн кезектеги чыгарылышында рак дартынын Кыргызстанда тамыр жайышы, аны дарылоодогу көйгөйлөр тууралуу сөз болмокчу. Кыргызстанда бул айыкпас дарттан каза тапкандарды эсепке албаганда, учурда 25 миңге жакын адамдын ракка кабылгандыгы аныкталып, ушунча өмүр бул илдет менен алпурушуп аткан кез.

Чолпон Орозобекова: - Жыл сыйын Кыргызстанда рак дартына 5-6 миң адам чалдыгаары айтылууда. Балким, оорулуулардын саны мындан да көп. Бул тармактагы трагедия эмнеде? Баш калаадан бөлөк жерлерде онкологиялык ооруну дароо так аныктап, анын артынан түшүп дарылоого шарттын жоктугу рактын өнүгүшүнө шарт түзүүдө. Мен азыр сөз кезегин кесиптешим Ырысбай Абдыраимовго узатайын. Аңгыча эскерте кетели, мындан 4 жыл мурда президенттин жарлыгы чыккан. Түштүк дубандарда онкологиялык борбор ачып, аны тиешелүү аппараттар менен жабдуу тууралуу. Бирок, ал жарлык эмдигиче аткарылган жок. Учурда улуттук онкология борборунун атынан жазылган кат парламентте жатат, анда түштүк дубандарынын элине бул илдеттен сактанууга жана дарыланууга шарт түзүп берүү зарылдыгы жазылган. Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаевдин билдиргенине караганда, Мыйзам чыгаруу жыйынындагы саламаттык сактоо боюнча комитет бул маселени бир эмес, эки жолу карады. Ар бир жолу тең Каржы министрлиги каражаттын жоктугун бетке кармап тим болот. Жалалабаддык дарыгерлер оорулууларды Бишкекке жөнөтөт, бирок алар башкалаага көп учурда жетпей калышат. Сөздү кесиптешим Ырысбай Абдыраимовго узатайын. Ырысбай мырза бул маселеге карата Жалалабад облусунан пикирлерди топтогон.

Ырысбай Абдыраимов: - Рахмат, Чолпон айым. Жалалабаддыктардын рак оорулары тууралуу пикирлерине кулак төшөйлү:

- Мен Нургүл Абдыжапаровамын: - Рак дартына чалдыккандардын саны күн санап өсүп барат. Мисалы, биз жашаган Казарманда Макмал алтын кени да буга таасир берүүдө. Ал жактан химиялык уулуу заттар абага жана сууга тарап атат. Ичкен суусу таза болбосо, аба таза болбосо анан ооруйт да.

Атын атабаган адам: - Ракты күчөтүп аткан бул - жардылык. Ооруканага барып текшерилгенге акчасы жок жүрө берип күчөтүп атышпайбы. Жакырчылыктын сазына эл бата берсе ушу бойдон рак ушул кылымдын чумасына айланышы ыктымал.

Атын атабаган адам: - Үйү суук болсо, нанга кантип акча табам деген ой күндө мээсин жеп турса, ден соолугун караганга акча таппаса кыргызстандыктар оорубаганда анан ким ооруйт?!

Облустук оорукананын шишик оорулар бөлүмүнүн башчысы Жусупбек Самидиновдун айтымында, дубанда 100 миң адамдын 72си ушул дартка кабылып, 42си каза болот. Жусупбек Самидинов соңку мезгилде көбөйгөн радиациялык таасирлер жана тамак- аштардагы химиялык кошулмалар да бул дартка себепчи болууда дейт. Укук коргоочу Жалил Сапаровдун облустук кеңештин туруктуу комиссиясынан алынган маалыматына караганда, көптөгөн оорулар Бишкекке, Өзбекстанга жана айла кетсе Ошко барып дарыланышат. Байкоочулардын баамында оорулуулардын арасында бир - эки жолу гана барганга акча таап, андан кийин чөнтөктүн жукалыгынан таптакыр дарылана албай калгандар арбын. Кайрадан сөз кезеги сизде, Чолпон.

Чолпон Орозобекова: - Байланышта Жалалабаддан Ырысбай Абдыраимов болду. Рактын бар экенин кеч боло электе убагында аныктоо өтө манилүү. Бул илдеттин бирден бир өзгөчөлүгү бар, ал - качан гана оор стадияга жетмейин эч качан белги берип жанды кыйнабайт, адам куландан соо так секирип жүрө берет. Бирок, ал кез өтүп, соңку стадияларына жетип калганда өмүрдү сактап калууга мүмкүн болбой калат. Дарыгерлер болсо оорукананы таштай качып эмчи - домчуларга кетип калгандарды да айтып күйүшөт. Мен сөздү илимдин доктору, Улуттук онкология борборунун башчысы Рысбек Абдылдаевге узатайын. 31 жылдан бери шишик ооруларынын үстүндө иштеп келаткан бул дарыгер өз байкоолорун бөлүшөт. Дүйнөлүк медицина рак эмнеден пайда болоруна жооп таба элек. Эң кызыгы Рысбек Абдылдаевдин ою боюнча, рак клеткаларынын чыгышына кыздар жасанып, чач боёп аткан чет жактан келген боёктор да себеп болот экен.

Рысбек Абдылдаев: - Акыркы 50 жылда адамзаттын жашоосу химия менен тыгыз байланышта болуп калды. Азыр чүчкүрүп калышса да, башы ооруса да дароо дары издешет. Дары- дармектердин бир тобу ракты пайда кылары дайын болуп отурат. Мисалы, резерпин деген дарыны кан басымды токтотконго пайдаланып жүрөбүз. Скандинав өлкөлөрүндө ал дары рак клеткаларын пайда кылат деп колдонгонго таптакыр тыюу салынды. Тамеки чеккен адам 16-17 эсе рак болууга жакын турат. Америкада болсо кадимки аялдар чач боёп аткан боёктордун айрым түрлөрү теринин рагын пайда кылары далилденди деген маалымат келди. Анын үстүнө Кыргызстанда уран калдыктары көмүлгөн жайлар дагы аба менен сууга таасир этип, рак үчүн жагымдуу шарт түзүп атат.

Чолпон Орозобекова: - Профессор Рысбек Абдылдаев байланышта болду. Дарыгердин дагы бир оюн ортого салайын. Майлысуу өңдүү уран калдыктары көмүлгөн жайлардан чыккан радиация дагы шишик ооруларын козгоп атат. «Кыргыз менталитетине мүнөздүү чыдамкайлык менен кайдыгерлик да өз башыбызга муш болуп атат» дейт профессор.

Рысбек Абдылдаев: - «Кандайсыз?» десем, жаны кыйналып турса да «жакшымын» дейт. Кайсы жериңиз ооруйт десем, «ар кайсы жерим» дейт. Эмне үчүн ар кайсы жери? Себеби, метастаз берип, бүт дене боюна тарап кетип атпайбы!? Оорусу катуу экенин түшүнүп туруп ооруканадан чыгып кетип, эмчи - домчуларды кыдырып кетишет. Кээде көчөдөн рак менен ооруган кишини көрөм. Ушул киши өз оорусун билеби, дарыланып атты бекен деп ойлойм. Элдин көзүнчө кармап алып «сиздин ооруңуз катуу экен» деп айта албайсың да.

Чолпон Орозобекова: - Рак илдети үч ыкма менен дарыланары анык. Биринчиси - хирургиялык жол. Рактын 1-2 стадияларында зак кеткен мүчөнү алып салуу да адам өмүрүн сактап калат. Экинчиси, канга химиялык дарыларды жиберүү, ал эми үчүнчү эң негизгиси ыкмасы - нур менен рак клеткаларын өлтүрүү. Мындай нурга кактай турган аппараттар адам өмүрү үчүн канчалык кымбаттыгы айтпаса да түшүнүктүү. Медицинада «линейный ускоритель» деп койчу Кыргызстандагы жападан жалгыз нур жиберүүчү аппарат 21 жыл бою тынбай кызмат кылып, бүгүн элдир-селдир иштеп турган кези. Дарыгерлердин айтымында, ал ушунчалык алсырады, оорулууларды сооротуп-алаксытканы гана болбосо дарттын айыгышына салым кошор дарманы калбаптыр. Гамматерапевттик «Кобальт - 60» жабдуусунун нур чыгаруучу тетигин 5 жылда бир алмаштырыш керек. Биринин мөөнөтү 2002- жылы бүткөн. Азыр жалгыз иштеп аткан аппарат 2004- жылы иштен чыгары айдан ачык болуп турат. Быйыл ал да жарабай калса рактын ажалдуу торунан чыгыш үчүн жан үрөп аткан оорулуулар кантет?

Рысбек Абдылдаев: - Ракка кабылгандардын 60% нур менен дарыланат. Ушул жыл нур терапиясынын акыркы жылы болуп калышы ыктымал. Бул аппаратты иштетиш үчүн 100 миң долларга чукул каражат зарыл. Албетте, мындай акчаны мамлекеттик казынадан бөлдүртүш ишке ашарына ишенбейм. Бирок, жакшылап ойлонсок ошол эле Каржы министрлигинде иштеген жигиттердин минген машинасынын баасы. Эми алар бир жылча «Волга» минип туруп, кымбат чет элдик машинанын акчасын элге, медицинага бөлүп койсо болот беле?

Чолпон Орозобекова: - Рахмат, Рысбек мырза. Дарыгер Рысбек Абдылдаевдин оюн уктук. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт? Министрдин орун басары Гүлжигит Алиевдин ою боюнча, үзүлбөгөн үмүт чет элдик донорлордо гана калды:

- Бул жабдуулар совет убагында алынган. Эми аларды чыгарган же тетигин иштеп чыккан заводдор иштебей калыптыр. Албетте, аларды тээ Европадан же Орусиядан алдыртууга эбегейсиз чоң каражат керек. Азыр биз дүйнөлүк чоң уюмдарга кайрылып, донорлордон жардам сурап аткан чагыбыз.

Мыйзамда айтылгандай мамлекет ракты бекер дарылаары ишке ашпаган жомок бойдон калып келет. Рак - дүйнө жүзү боюнча эң кымбатка турган оору. Чет мамлекеттерде ракты дарылоого миллиондогон доллар жумшалууда. Ал эми кыргызстандыктар рактан кутулушу үчүн уюн, уюн гана эмес үйүн да сатышууда. Дарыгерлердин айтымында, Европада бир адамды дарылоого бир жылда 20 миң долларга жакын акча жумшалат. Кыргызстанда болжол менен эң аз дегенде 50 - 60 миң сом сарпталарын айтышууда. Бирок, кайсы бир онколог какшык менен айткандай, оорулууга бир таблетка дары берип коюп, он сом жумшап дарылай берсе деле болот. Кеп анын өмүрүн сактап калууда болуп атпайбы.

Онкологиялык илдет менен ооруканага жаткан адамдын бир күндүк тамагына мамлекеттик казынадан 6 сом, дарысына 8 сом бөлүнөт. Бул - бир чети күлкүңдү, бир эсе ыйлагыңды келтирет. Андан да кейиштүүсү мамлекеттик бюджетте каралган каражат да толук бөлүнбөй жатпайбы.

- Биз сессияда жок дегенде корголгон статьяларды, башкача айтканда, тамак - аш менен дарыга бөлүнгөн акчаны толук бергиле дегенбиз. Каржы министрлиги адам өмүрүнүн коопсуздугу үчүн бул сөзүнө бекем турушу керек болчу. Жадагалса ушул эки статьяда каралган каражаттын да 60% гана колго тийип атат, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиев шишик ооруларына каршы күрөшкө керек каражаттын 10% гана бөлүнүп атканын белгиледи. Анын ою боюнча, чакан жана жарды Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин болгон дарамети ушуга гана жетүүдө. Рак - узакка дарыланчу кымбат турган оору экенин айттык. Тээ түштүктүн алыскы өрөөнүнөн же Нарындан келген адам рактын дарыланыш наркына чыдайбы же Бишкектеги кымбатчылыкка чыдайбы?

Ооруканада эки ай жаткандан кийин «ыраазымын доктурларга, балдарымдын быдыр малы калбай калгыча дарыландым» деп, эч кимге айтпай - дебей качып бараткан чаткалдык кемпирди көрүп, кирерге жер таппай калганбыз карап тургандар. Улуттук онкология борборунун директору Рысбек Абдылдаев жакырчылыкка байланыштуу бир окуяны аргасыз эстеп отурду:

- Кичинекей баласын буркуратып туруп үйүнө алып кеткен үйбүлөнү көрдүм. Кетип атып эне байкуш «кудай мени кечир, башка каражатым жок, калган балдарым аман болсун» деди. Ал эми чоң кишилердин арасында «жашачумду жашадым, ушунча өмүргө ыраазымын» деп дарыланбай кетип калгандар да көп болот. Бул жерде мамлекет өз атуулдарынын алдында алган милдетин аткарбай атат. Ар бир аймакта ракты аныктаганга жана дарылаганга шарт түзүлмөйүн мындай көрүнүш улана бермекчи.

Статистика боюнча рак Бишкекте көп кездешүүдө. Бирок, бул - элетте ракка кабылгандар аз дегендикти билдирбейт. Мисалы, Нарында ракты аныктоого да, дарылоого да шарт начар. Онкологиялык ооруларды мыкты билген дарыгерлер да жетишсиз. Нарын шаарында жалгыз гана бир дарыгер бар экен, кесиптешим Жаркын Ибраева аны сөзгө тарткан. Эмесе ошол маекти тыңдайлы:

Жаркын Ибраева:

- Рахмат. Мен Нарын облусунда онкологиялык оорууларды дарылоо боюнча диплому бар жалгыз дарыгер Нургүл Багышалиева менен маек курдум эле.

- Нарын облусунда рак ооруларын аныктоонун абалы кандай?

- Нарындын шартында рак ооруларын аныктоо Бишкектеги улуттук онкология борборунун шартына салыштырмалуу өтө эле ылдый. Бизде көпчүлүк учурларда ички органдардын рак ооруларын рентген, узи ыкмалары менен алдын алып, диагноз коюп, ал эми калгандарын орусча айтканда, «клинический» же «обьективный» ыкма менен эле диагноз коюлууда. Ал эми акыркы диагноз Бишкектеги онкология борборунан коюлуп келет. Айта кетчү нерсе - Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун өзүнүн узи аппараты жок, шаар боюнча бир гана узи аппараты бар, ал болсо оорулуулардын талаптарын канааттандырганга чамасы келбейт.

- Облуста рак оорусуна кабылгандардын саны акыркы жылдарда азайдыбы же көбөйүүдөбү?

- Акыркы жылдарда рак оорусу менен ооругандардын саны кескин болбосо да көбөйүүдө, мисалы, 2002-2003 - жылга чейин Нарын шаары бонча 66,8%дан 71,3%га, Нарын району боюнча 52% дан 77,7%га чейин өсүп кеткен. Булар каттоого туруп диагнозу такталгандар, ал эми такталбай калгандар да бар.

- Рак менен ооругандарды Нарындын шартында дарылай аласыздарбы, бул маселе кандай жолго коюлган?

- Нарындын шартында «радикалуу дарылоого» шарт жок. «Радикалуу дарылоо» деген бул - оорулууларды 90-100% же биротоло дарылоо дегендик. Сиздер билесиздер, рак оорулары атайын спецификалык ыкманы талап кылган оорулар. Алар орусча айтканда, «лучевая», «химическая терапия» же радикалдуу хирургиялык операция керек болот. Ал эми облус боюнча андай шарт жок. Жеринде симптоматикалык дарылоо жүргүзүлүүдө. Ал деген улуттук онкологиялык борбордон дарылоодон өтүп, анан жер-жерлерде онкологдор көзөмөл жүргүзүп туруу. Ал эми биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү.

- Бишкекке баралбаган оорулуулардын айласы кандай болот?

- Акча-тыйыны жетишпегендер айласыздан Бишкекке бара алышпайт. Бизден баргандардын жол киресине же ооруканаларга жатышына эч кандай женилдиктер каралбаптыр. Рак оорусу менен ооругандарга амблаториялык жардам көрсөтүүдө, министрдин жарлыгы боюнча 900 сомго чейинки дарыларды гана ала алышат. Ошондуктан борборго жете албагандар үчүн жер-жерлерде «хоспистер» ачылса жакшы болмок. Андан сырткары, жер-жерлерде штатта онколог-дарыгерлер каралышы керек эле. Райондогулар да айтып жатышат - ушул суроо көтөрүлсө колдойт элек деп. Жер-жерлерде онколог дарыгерлерди кысымга алышкандай. Кээ бир жерлерде онкологиялык медсестраларды таптакыр эле жоюп салышыптыр. А оорулуулардын саны көбөйүүдө. Ал эми онколог жок болгондуктан башка эле дарыгер иш алпарып жатышат, жок дегенде ошолорго жакшылыктуу жардам көрсөтүшпөйт.

Чолпон Орозобекова: - Байланышта Нарын болду. Бишкектеги Онкологиялык оорукананын короосуна киргениңде көкүрөк уйгу-туйгу болуп, денең ымыр-чымыр боло түшөт. Бул ооруканада 7-8 айлап, бир нече жылдап жаткандар бар. Баарынан жүрөк оорутканы - терезеде телмирип турган балдар. Балдар бөлүмүндө башкаларга салыштырмалуу дары-дармек менен камсыз кылуу жагы бир аз чечилген. Германия менен түзүлгөн келишимдин негизинде балдар үчүн зарыл дарынын баары бекер келүүдө. Дарыгерлер «Кыргызстан аба жолдору» компаниясына терең ыраазы. Германиядан балдарга зарыл дары - дармектерди бекер ташып келип беришүүдө. Бул дарттан күлкүсү тунук наристеден баштап кары - картаңдарга чейин эч кимиси коопсуз эмес. Ошондуктан ар бир адам онколог - дарыгерге баш багып, текшерилип коюну унутпаса.

Онкологиялык ооруканада жакында ушул оорудан мерт болгондордун урматына алардын жакындарынын күчү менен ремонттолгон палаталар пайда боло баштайт. Рактын соңку стадиясындагылар кат жазып кеткен учурлар бар. Былтыр каза болгон бир жаш келин минтип жазган:

«Мен ушул палатада 8 ай жатып, өмүр деген, жашоо деген эмне экенин түшүндүм. Ооба, билем, менин саналуу күндөрүм калды. Мени айыктырам деп аракет кылган жакындарыма, мени дарылаган дарыгерлерге ыраазымын. Ушул палатада өмүрүмдүн акыркы көз ирмемдерин өткөрдүм. Мындан кийин ушул палатада жаткандар мендей болбосун. Жеңилбесин. Оору аларды эмес, алар ооруну жеңсин деп тилейм. Менин суранычым, ушул палата мындан жакшынакай, мындан жылуу, кооз болсун үчүн менин туугандарым колго алсын. Ылайым ушул бөлмөдө жаткандар жакшыраак шартта дарыланып, бат чыгып кетсин үйүнө. Менин үйүмдөгүлөр кайсы бир мен билбеген күнү ушул палатаны жасалгалаганы сөзсүз келишет!»

Дал ушундай керээз каттар аркылуу Онкологиялык ооруканадагы тээ совет убагынан калган эски дубалдардын сырлары жаңырып, Динара, Кубан деген өңдүү бул илдет алып кеткен маркумдардын ысымындагы палаталар пайда болгону турат.
XS
SM
MD
LG