Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Нарында шарп оорусун алдын алуу максатында малды дарылоо жүрүп жатат


НАРЫН. Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынын өкүлдөрү 13-январда шарп оорусу чыкты деп шектелген Оттук айылында болушуп, 1200 уйга шарп оорусун алдын алуу боюнча экинчи ирет вакцина сайышты. Буга чейин айтылган маалыматтар боюнча, Токмоктон келген малдан шарп оорусу Оттук айылындагы малдарга жукту деп айтылган. Ал эми облусттук ветеринардык башкармалыктын инспектору Калыбек Мисиралиевдин айтымында, облустук ветеринардык лабораториянын мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, ал малдардын анализин Бишкекке жөнөтүшкөн жана анын жыйынтыгын учурда күтүп жатышат. Ошондуктан, ал шарп оорусу экендиги так аныктала элек.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG