Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан буга чейин райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн мелдештен жеңип чыккан 440 окуучу катышууда. Республикалык олимпиаданын катышуучулары математика, физика, химия, биология, информатика, чет тилдери, орус тили жана адабияты сабактарынан күч сынашат. Билим, илим жана маданият министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мамасалы Апышевдун маалыматына караганда, олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жылдагыдай республикадагы жогорку окуу жайларга тапшырууда ар кандай жеңилдиктер берилбейт. Болгону жеңүүчүлөр эларалык олимпиадаларга катышууга жолдомо алышат. Олимпиаданын жыйынтыгы 15-январда чыгат.

XS
SM
MD
LG