Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Кыргызcтандагы мусулмандардын алды ажылыкка аттанышты


БИШКЕК. Быйыл Аравияны көздөй ажылык сапарга Кыргызстандан 3700дөн ашык мусулман аттанууда. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу миң кишиге көп. Алардын алды кечээ Ош аймагынан автоунаалар менен чыгышты. Кыргызстандын түндүк тарабынан Мекеге зыярат кылууга ниеттенгендер автоунаа менен15-январда чыгышат. Ал эми учак менен барууну каалагандар 19-январда жолго чыгышат. Учак менен кетчүлөр ажылыкка аттангандардын 20% түзөт. Мындай маалыматты бүгүн Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийи Муратаалы Ажы Жуманов билдирди. Быйыл ажылыкка барып келиштин наркы учакты тандагандар үчүн ар бир кишиге 1200-1400 доллар, ал эми автоунаа менен баргандарга 750-800 доллар турат.

XS
SM
MD
LG