Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Өкмөт башчы алган насыя акчага байланыштуу нааразылык акциясы өтөөрү айтылууда


БИШКЕК. Бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын «Азаттыкка» маалымдаганына караганда, өкмөт башчы Николай Танаев 19-январга чейин өзүнүн жеке кирешеси жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынан 102 миң доллар насыяны пайдаланганы тууралуу коомчулукка ачык маалымат бербесе, айрым бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү Өкмөт үйүнүн алдына наарызылык акциясын өткөрүшөт. Төлөкан Исмаилованын айтымында, мындай чечим бир катар бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялардын 30-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынган.
Айта кетүүчү маалымат, премьер-министр Николай Танаев декабрь айынын соңунда маалымат жыйынын өткөрүп, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынан 102 миң доллар акчаны кредит түрүндө алып, 5 айдын ичинде 5% үстөк менен кайтарып бергендигин айткан. Ошол эле күнү «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасы билдирүү таратып, Николай Танаев мындай акчаны кредит эмес, насыя катары алып, 5 айда эмес 10 айда кайтаргандыгын кабарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG