Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

БИ-БИ-СИ АЛЫП БАРУУЧУСУН АРАБДАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫНАН УЛАМ ОБОДОН ЧЕТТЕТТИ


Жакында Би-Би-Си телеканалы өзүнүн таанымал алып баруучуларынын бири Роберт Килрой Силктин программасын обого чыгарууну убактысынча токтотту. Буга тележурналисттин британ гезиттеринин биринде арабдардын дарегине айткан сөздөрү өлкөнүн мусулман жамааты, укук коргоочулар арасында толкундоолорду жаратканы себеп болду.

Би-Би-Сидеги белгилүү алып баруучулардын бири, британ парламентинин Лейбористтик партиядан шайланган мурдагы депутаты Килрой Силк Лондондо чыгуучу "Дэйли Экспресс" гезитинде ушул айдын башында жарыялаган макаласында арабдарды "жанкечти жардыргычтар, адамдарды колу – буттан ажыраткандар, аялдарды азапка салгандар" деп атаган экен. Британиянын Мусулмандар кеңеши дароо эле арабдардын дарегине айтылган мындай кепти аларды кемсинткендик катары баалады жана Би-Би-Сини "антиарабчыл", "антимусулманчыл" маанайдагы кызматкерине каршы чара көрүүгө чакырды. Нааразылык арыздары Басма сөз боюнча комиссияга, полицияга да жөнөтүлдү. Мусулмандар кеңешинин өкүлү Сара Жозеф:

- Кудайга шүгүр, Би-Би-Си буга олуттуу мамиле жасап, Килрой Силктин ишин токтотту. Расалык теңдик боюнча комиссия да окуяга олуттуу мамиле кылып, ишти полициянын кароосуна берди.

Британ Мусулмандар кеңешинин пикиринде, мындан ары кара түстүүлөрдү, жөөттөрдү кемсинткен сөз айткан журналисттерге карата да катаaлыраак чара көрүлүшү керек.

Албетте алып баруучунун өзү да анын сөздөрү кемсинткендик катары кабылданганы үчүн кечирим сурады. Бирок күнөөсүн толук мойнуна алган жок. Роберт Килрой Силктин айтымында, ал арабдардын баарын каралап жаткан жери жок. Азыркы араб режимдеринин арасында, диктаторлор менен зулумдар жок эмес. Ошондой эле ал колдоо көргөзбөгөнү үчүн Би-Би-Сиге нааразы экенин, анын кызматтан кетирилишине кызыкдар адамдар бар экенин кошумчалады.

Ал эми макаланы жарыялаган "Дэйли Экспресс" басылмасы болсо андан баш тартпасын белгилеп, британ коомчулугу Роберт Килрой Силкке тилектеш экенин жазып чыкты. Басылма келтирген маалыматка караганда, коомчулуктун 97%ы алып баруучуну жактайт.

Айтор, Британиядагы бул чатак сөз жана басма сөз эркиндиги, рассалык темада бир жактуу комментарийлерди чектөө өңдүү маселелердин айланасында талкуулардын жаралышын шарттады. Британиянын Журналисттер союзунун өкүлү Тим Готтшилл:

- Биз журналист катары туура ой-пикирлердин билдирилишин, бирок бир жактуулукту көздөгөн эмес, бир жүйөөсү бар ой-пикирлердин айтылышын кубаттайбыз. Ушундан улам Килройдун иши баардык укук бузуулардын олуттуусу эмес, себеби айрым араб өлкөлөрү адамдардын колун кесип, аларды дарга асып жүрөт. Андыктан бул жерде чындыктын үлүшү бар жана бул түздөн–түз расалык кемсинтүү гана эмес.


Ал эми алып баруучу Роберт Килрой Силк кызматкери болгон Би-Би-Си корпорациясынын жетекчилиги бул окуя боюнча өз пикирин айткан жок. Кандайдыр бир комментарий болсо, ички иликтөө аяктаган соң гана берилээрин билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG