Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

КЫРГЫЗСТАН ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ БОЮНЧА ӨЗ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КӨРСӨТӨ АЛБАЙ ЖАТАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек «Карана» корпорациясы Кыргызстандын чет өлкөдөн инвестицияларды тартуу боюнча маркетингинин стратегиясына изилдөө жүргүзүп, 13–январда анын бет ачарын өткөрдү. «Карананын» кызматкерлери Кыргызстан акыркы жылдарда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү боюнча көп иш жасаганын, бирок потенциалдуу инвесторлордун мындан кабары жоктугун белгилешет.

Эларалык «Карана» корпорациясы Кыргызстандын инвестиция тартуу боюнча тажрыйбасын изилдеп көрүп, кыргыз өкмөтү акыркы жылдарда мыйзамдык базаны жакшыртууга жетишкендигин белгилейт.

- Бул көп жеринен абалды абдан жакшыртты. Дүйнөдөгү инвосторлор бул жөнүндө билишпейт. Маселе азыр бул маалыматты инвесторго кантип жеткирүүдө жана аларды Кыргызстанга алып келүүдө турат. Алар өздөрү Кыргызстанды издебейт. Аларга Кыргызстандын кереги жок. Кыргызстан үчүн алар керек. Ошондуктан Кыргызстан аларды издеп табыш керек, – деди «Карана» корпорациясынын президенти Эдуардо Тугендхат.

«Карана» корпорациясынын изилдөөсүнө ылайык Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө жетишиш үчүн жылына 150-200 млн. доллар инвестиция тартып турушу зарыл. Анын азыр тартып жаткан инвестициясынын көлөмү бул сумманын жарымын гана түзөт. Анысы аз келгенсип, өлкөгө канча инвестиция келсе, ошого жакын капитал сыртка агып кетип, инвестициянын «таза» көлөмү жокко эсе болуп жатат. Эдуардо Тугендхаттын айтуусу боюнча, чет өлкөлүк инвесторлорду өлкөнүн айрым гана тармактары кызыктырышы мүмкүн:

- Биз приоритеттүү тармактар деп тоо-кен өнөр жайын, телекоммуникацияны, туризмди, электр өнөр жайын, андан кийин гана кандайдыр бир деңгээлде агроөнөр жайын жана айыл чарбасын ойлойбуз.

Эдуардо Тугендхаттын айтымында, тоо-кен өнөр жайы - Орусияны, Канаданы, Австралияны, туризм – Европа өлкөлөрүн жана Орусияны, Казакстанды, телекоммуникация тармагы - Орусияны, ал эми айыл чарба продукциясын иштетүү – Кытайды жана Орусияны кызыктырышы мүмкүн. Ал инвестициялык матрицада иштелип чыккан маркетинг стратегиясын сынга алып, Кыргызстан инвесторлорду кызыктырып, өзүнө тартыш үчүн эларалык көрсөтмөлөргө көбүрөөк катышуусу зарыл экенин белгиледи. Эдуардо Тугендхат инвестиция тартуу боюнча өкмөттүн жүргүзгөн ишинде кемчиликтер бар экенин айтты. Бул сын жыйынга катышып отурган өкмөт адамдарына катуу тийди.

- Бирок биз бул фактыны драмалаштырбообуз керек. Баардыгына бирдей жаккан идеялдуу шарт эч бир өлкөдө жок деп ойлойм. Биз цифраларды карап көрүшүбүз керек. Алар акыркы 2 жылдын ичинде бизде инвестиция 25% туруктуу өсүп жатканын көрсөтүп жатат, - деди вице-премьер-министр, президенттин чет өлкөдөн инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаев.

XS
SM
MD
LG