Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

ИРАКТЫН МУРДАГЫ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИНИН ТУУГАНДАРЫ КАРМАЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 14-январда таң эртең менен Американын Ирактагы аскерлери Саддам Хуссейиндин оң колу болуп саналган Иззат Ибрахим ад-Дуринин туугандарын колго түшүрүштү. Камакка алынгандардын ичинде ад-Дуринин кайда экенин билген эки киши да бар. Шаршемби күнү Иракта дагы бир террордук кол салуу болду, андан, жан кечти террорчуну кошпогондо, бери дегенде эки киши курман болуп, 40тай киши жаарат алды.

Шаршембиге караган түнү таңга маал Американын 720-аскердик батальону Самарра шаарынын калк жашаган чөлкөмүндө рейд өткөрүп, өлкөнүн мурдагы вицепрезиденти Иззат Ибрахим ад-Дуринин төрт жакын тууганын камакка алышты. Танкалар жана бронетранспортелордун колдоосуна таянган 40тай америкалык жоокер бийиктиги 3 метрге чамалаган коруктан ашып түшүп, шектүү үйдү курчоого алышты. Андан ад-Дуринин жакын инилеринин бирөө, ал эми кошуна үйдөн ад-Дуриге баш маанек камдап берип келаткан дагы бир жакын тууганы кармалды. Маалымат агенттиктери мурдагы вице-президенттин кайда экенин АКШлык аскерлерге ирактык солдаттар кабарлашканын айтышат.

Иззат Ибрахим ад-Дури АКШ издеп жүргөн Ирак режиминин жооптуу кызматкерлеринин тизмесинде номер алтынчы болуп катталган. Баары болуп, ал тизмеде 55 кишинин ысымдары аталган, алардын бир канчасы, анын ичинде Саддам Хусейиндин өзү колго түшүрүлдү. Ад-Дуринин жакындарын кармаган Америкалык жетекчилик алардын жардамы менен эми вице-президенттин өзүн да торго түшүргөнгө үмүттөнөт. Ад-Дури Ирактагы партизандык кыймылдын жетекчиси болуп эсептелет. АКШ анын кайда экенин көрсөтүп, же кармап берген кишиге 10 миллион доллар сыйлык убада кылган. Мындан мурда "Ад-Дури колго түшүптүр, ад-Дури өз каалоосу менен багынып бериптир" деген имиштер бир нече курдай тараган, бирок алардын бири да ырасмий тастыкталган эмес.

Анын аралыгында, Иракта өлкөнүн жаңы бийлигинин өкүлдөрүнө кол салуулар уланууда. Бүгүн эртең менен Ирактын борбордук чөлкөмүндө жайгашкан Бакуба шаарында полициянын имаратынын жуп алдында машинеге орнотулган бомба жарылды. Бул жөнүндө Америкалык аскерлердин өкүлү подполковник Уильям Адамс:

- Бүгүн эртең менен Бакубада жол полициясынын имаратынын алдында Тойота Корона маркасындагы машинеге орнотулган бомба жарылды. Андан курман болгон жана жараат алган кишилердин санын так айта албайбыз. Ушуну менен акыркы үч күндүн ичинде Бакубадагы Ирак полициясына төртүнчү жолу кол салуу болуп отурат, - деп билдирди.

Бизге келип түшкөн алдын ала маалыматтарга караганда, Бакубадагы жардыруудан, террорчу менен кошо эсептегенде, үч киши өлдү, 40тай киши жараат алды. Жарадар болгондордун, бери дегенде, 12си - полициячылар. Мерт болгондордун бирөө- ирактык полициячы, экинчиси - полициянын ыктыярдуу жардамчысы болгону айтылат.

Америкалык оккупацияга каршылык көрсөтүүнүн чордону болуп эсептелген "Сунни үч бурчтугундагы" Бакубада көптөгөн шиийлер жана күрддөр да жашайт. Бул жолку террордук чабуулду шиийлер же күрддөр да уюштурган болушу ыктымал. 22-ноябрда Иракта полицияга жасалган дагы бир ири террордук кол салууда 9 киши курман болгон. Өткөн жума күнү болсо шиийлердин мечитинин алдында жан кечти террорчу жардырган бомбадан беш ирактык атуул мерт болгон. Бул жолку чабуулдун артында ад-Дури жетектеген партизандар же башка касташкан диний топтор тургандыгы белгисиз. Бирок зордукчул аракеттердин уланып жатканы Ирактагы режимдин кулатылышы менен кумгандан бошонгон жин сымак арылдап ачыкка чыккан этностор аралык жана диний карама каршылыктар Саддам Хусейин жана ад-Дури сыяктуу жетекчилердин кармалышы менен эле жөнгө салына койбосун айгинелейт.

Бүгүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жабык жыйын өткөрүп, ал баш катчы Кофи Аннандын Ирактын Башкаруучу Кеңешинин мүчөлөрү менен келерки жумада боло турган жолугушуусун талкуулоодо. Жакынкы эки аптанын ичинде Улуттар Уюму Иракка өз өкүлдөрүн жиберип, өлкөдөгү коопсуздук жагдайы менен таанышып, Ирактагы өкүлчүлүгүн кайра ачуу маселесин караштырмакчы болуп жатат. Кызматкерлерине бир катар кол салуулар жасалганына байланыштуу уюм өткөн октябрда Багдаддагы кеңсесин жаап, Ирактагы чет элдик кызматкерлерин кошуна өлкөлөргө чыгарып кеткенге мажбур болгон.
XS
SM
MD
LG