Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Жалалабад облусунун мусулмандары ажылыкка сапар алышты


ЖАЛАЛАБАД. 14-январда Жалалабад облусунун 140 мусулманы төрт автобус менен Сауд Аравиясынын Меке шаарын көздөй аттанышты. Аларды узаткан үй-бүлө, урук-туугандары менен коомчулуктун өкүлдөрү мусулмандыктын бир парзынан кутулуу үчүн аман-эсен ал жакка барып келүүсүн каалап, бата беришти. МАИ кызматы автобустарды «Достук» бажы бекетине чейин коштоп барды. Ажылыкка барууга быйыл облустун 524 атуулу уруксат алган. Учак менен барууну каалаган жүздөн ашык киши 16-январда Ош аба майданынан жөнөшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG