Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Тоң районунда шарп ылаңы күчөгөндүгү айтылууда


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун Тоң районунда шарп ылаңынын тарашы оор абалды жаратууда. Бул жөнүндө бүгүн облустун Балыкчы шаарындагы ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Капар Мусакулов «Азаттыкка» төмөнкүдөй маалымат берди: - Тоң районунда шарп оорусу өтө тездик менен жайылып баратат. Азыр райондогу 6-7 айылда, алардын чинде Акөлөң, Оттук, Шорбулак, Комсомол жана башка айылдардагы малдын 70% жакыны шарп ылаңына чалдыкты. Эгерде тез арада чара көрүлбөсө, Ысыккөл облусу гана эмес, Кыргызстанда да коркунучтуу кырдаал түзүлөт.
Бирок, Ысыккөл облусунун ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери мындай маалыматты четке кагышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG