Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Нарындын губернатору Кытайдагы иш сапары тууралуу маалымат берди


НАРЫН. Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун 14-январдагы маалыматы боюнча, кыргыз делегациясы ондон ашык сунуш менен Кытайдын Кызылсуу автоном облусунда болуп, айыл, мал чарбасы, медицина, билим тармактары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Айрым келишимдерге кол коюлду. Андан сырткары кытай тарап Нарынга чоң соода комплексин, Акталаанын тузун иштетүүчү завод курууну көздөшүүдө. Кытайда жайыттын тардыгынан Аксай, Арпадагы ээн жаткан 2 млн. гектар жайытты арендага берип, анда багылган малды Нарын аркылуу экспорттоону сунушташкан. Кытай тарап ошондой эле, Кочкордогу иштебей турган пиво заводун калыбына келтирүүгө инвестиция алып келүүгө жана облустун дарыгерлерин окутууга, тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирген. Мындан сырткары, кытай тарап Бишкекке Кыргыз - Кытай университетин ачууну каалашууда.

XS
SM
MD
LG