Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

«Интербилим» борбору жаңы китеп чыгарды


БИШКЕК. Бишкекте «Кыргыз Республикасындагы атуулдук коом: көйгөйлөр жана перспективалар» аттуу аналитикалык китеп «Интербилим» эларалык борбору тарабынан чыгарылды. Борбордон маалымдашкандай, топтомго өлкөдөгү саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлеринин, белгилүү саясатчылардын, социологдордун, ишкерлер менен журналисттердин аналитикалык макалалары кирди. Авторлор республикадагы азыркы саясий-экономикалык кырдаал, атуулдук коомдун өнүгүшүндөгү көйгөйлөр сыяктуу айрым курч маселелер боюнча ой бөлүшкөн. 2001-жылы «Интербилим» эларалык борбору Кыргызстандагы атуулдук коомдун өнүгүшүнө бейөкмөт уюмдардын кошкон салымына арналган китепти чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG