Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Свердловск облусунун губернаторунун Кыргызстанга келиши күтүлүүдө


БИШКЕК. 15-январда Кыргызстанга Орусиянын Свердловск облусунун губернатору Эдуард Россель бир күндүк сапар менен келет. Ал Бишкекте президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, Кыргызстан менен Свердлов облусунун экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулайт. Бул тууралуу шаршемби күнү Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, Эдуард Росселдин сапары учурунда Кыргызстан менен Свердлов облусунун өкмөттөр аралык комиссиясынын да жыйыны болот. Кыргыз тараптан ал комиссияны Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюк жетектейт. 2003-жылы эки тараптын соодасы 2002-жылга салыштырмалуу 2 эсеге өсүп, 12 млн. 400 миң долларга жеткен.

XS
SM
MD
LG