Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Акыйкатчы аялдардын түрмөсүнө барып кайтты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өзүнүн кеңсесинин кызматкерлери жана журналисттер менен бирге Аламүдүн районуна караштуу Степное айылындагы аялдардын жаза өтөө жайындагы абал менен таанышып чыкты. Турсунбай Бакир уулу менен жолугушуу учурунда жаза өтөп жаткан аялдардын көпчүлүгү сот аларга карата негизсиз чечим чыгарып, камакта бейкүнөө отурушканын жана абактагы шарттын начардыгын маалымдашты. Түрмөдө отургандардын айтымында, камакта дары-дармектер жетишсиз, тамак-аш начар.
Степное айылындагы бул абакта бүгүнкү күндө 700гө жакын аял жаза өтөөдө. Алардын ичинде жашы 14төн 18 чейинки 11 кыз бар. Жаза өтөө жайындагы аялдар менен бирге 9 наристе жашайт. Алар ушул жерде жарык дүйнөгө келишкен.

XS
SM
MD
LG