Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Палестиналык жан кечти израилдик төрт жарандын өмүрүнө забын келтирди


Израил менен Палестина автономиясына караштуу Газа секторунун ортосундагы чек ара бекетинде жан кечти аял өзүн өзү бомба менен жардырып, террорчу менен кошо төрт адам курман болду. Өлгөндөрдүн төртөө тең Израилдин жарандары.
Бомба чабуулунан, Израил радиосунун кабарлашынча, азы 7 адам жараат алды.
Израилдин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жонатан Пелед жанкечти аялдын аракетин “тынчтыкты орнотууга каршылык көрсөтүү” деп сыпаттады:
- Палестиналык террорчулар израилдик жана палестиналык жарандарга чек ара түйүндөрү менен соода жайларында кол салышып, адамдардын өмүрүнө забын келтиргенден башка да, Газа секторундагы гуманитардык жолдорду кыйратууга аракет кылышууда. Алардын тынчтыкты болтурбоо үчүн аракеттенип жатканы айдан ачык.
Террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти исламчыл ХАМАС тобу, “Азап чеккендердин ал-Акса бригадасы” жана Ясер Арафат негиздеген ФАТАХ кыймылынын аскерий канаты өздөрүнө алышты.

XS
SM
MD
LG