Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Иракта америкалык аскерлерге кол салынды


Багдаддын түндүгүндөгү Самарра шаарчасынын чет жакасында черүүдөгү америкалык жоокерлер түшүп бараткан автомобилге кол салынды. Атышуу учурунда козголоңчу деп шектелген 8 адам өлтүрүлдү. Кагылышууга байланыштуу 26 киши камакка алынды. Бул жөнүндө америкалык күчтөр маалымдашты.
Ирактагы америкалык жаранадык администрациянын башчысы Пол Брэмер кечээ күнү Си-би-ес телеканалына берген интервьюда, акыркы 3-4 жумада өлкөдөгү АКШлык аскерлер башындагы коалициялык күчтөргө кол салуулар эки эсеге жакын кыскарганын билдирген.

XS
SM
MD
LG