Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Израилдеги кечээки террор үчүн жоопкерчиликти эки уюм өзүнө алды


Бул тууралуу “Хамас” жана “Ислам жихады” топторунун өкүлдөрү ырасташты. Палестин автономиясынын премьер-министри Ахмед Куреи бул ишти так кесе айыптаган жок. Палестиналыктардын айласыз шартта күн көрүп жатканы, палестин аймактарынын камоолдо калганы, тыйылбаган аскерий операциялар тынчтыкка жетүүгө көмөктөшмөк түгүл кайра зобун-зомбулукту жана жооп кайтарган жанкечтиликти күчөтүүдө, деп айтты Куреи. Палестин премьери эки тарапты тең алымсындырган тынчтык келишим түзгөнгө үмүт кыларын белгилеп, мындай болбогон шартта кырдаал кыйын жана оор бойдон кала берерин эскертти. Кечээ Израил менен Газа тилкесинин тоомундагы өткөөл жайда бир жаш аял койнуна каткан бомбасын жардырып, өзү менен кошо төрт кишини өлтүргөн эле.

XS
SM
MD
LG