Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

ФРАНЦИЯЛЫК СИКХТЕР СЕЛДЕЧЕН ЖҮРҮҮ УКУГУ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮДӨ


Француз бийликтеринин мектептер окуучуларынын сабакка диний ишенимди ашкере шарданалаган кийимди кийип, же чоң крести тагынып келүүсүнө тыйуу салуу аракети көп улуттуу өлкөнүн сикх жамаатын да козголтту. Демейде саясый турмушка көп аралашпаган сикх азчылыгы биринчи жолу өз талабын ачык айтып, эркек сикхтердин оромо селдечен жүрүүсүнө тыйуу салбоону талап кыла башташты.

Француз өкмөтүнүн тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия өткөн айда диний символдорго тыйуу салуу боюнча сунуш иштеп чыгып, аны президент Жак Ширак колдогон. Парламент жаңы окуу жылы башталганга чейин тийиштүү мыйзамды иштеп чыкмакчы.

Бул сунушка ылайык, мусулман кыздары башына жоолук салып, жөөт балдары төбөсүнө топусун кондуруп, ал эми тарса окуучулар алакандай крест тагынып, мектепке бара алышпайт. Себеби, биз санап өткөн заттардын баары, комиссиянын аныктамасы боюнча, диний символдор эсептелет.
Сөз мамлекеттик мектептердин окуучулары жөнүндө болуп жатканын эскерте кетебиз.

Атайын комиссиянын сунушунда сикхтердин оромо селдеси тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Теги индиялык сикхтер негизинен Париждин четиндеги Бобини районунда жашап, ушул эле аймакта иштешет. Алардын жалпы саны бир нече миңден ашпайт. Алсак, франциялык жөөттөрдүн саны 600 миңдей болсо, мусулмандар кеминде 5 миллионду түзөт. ( “International Herald Tribune”, 1.12. 2004 )

Адатта тынч, мыйзамды бузбай, саясатка аралашпай жашаган сикхтер диний символдорду тыйуу жөнүндөгү өкмөттүк комиссиянын сунушун каршы алышты.
Жыйырмадан ашуун сикх жамааттын Бобинидеги бутканасында жылаң аяк, мандаш уруп отуруп алышып, нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алардын бири, 17 жаштагы Дхрамвир Сингх: “Мен 100 процент французмун - тилим француз, Францияда туулгам. Мен чалмасыз жүрө албайм. Алар мени селдесиз жүрүүгө мажбурлашса, мен мектепти таштоого аргасыз болом да, эч ким каалабаган кара жумушту гана аткарып калам”,- дейт.

Сингх башчалмасыз сүрөткө түшүүдөн баш тарткандыктан, анда күбөлүк картасы жок. Франциянын мыйзамдары боюнча букаралар ырасмий документтер үчүн сүрөткө баш кийимсиз түшүүгө тийиш.

Жергиликтүү сикхтер ата-бабаларынын Биринчи Дүйнөлүк согушта селдечен жүрүп Франция үчүн жан беришкенин сыймыктана эскеришет. “Эгерде маршал Фош тирүү болсо, мындай мыйзамга каршы чыкмак!”, -дейт Сингхтин агасы Манприт.

Маршал Фош Биринчи Дүйнөлүк согушта француз армиясын жетектеген.

Франциялык сикхтер Британияда, Канадада жана Кошмо Штаттарында полицай жана армиядагы диндештерине селдечен жүрүп кызмат өтүүгө уруксат берилгенин айтышып, “француз бийликтери андай кылса болбойбу?” дешет.

Белгилей кетчү нерсе, Британияда сикхтер мотоцикл мингенде да селдечен жүрүшөт. Башка атуулдарга андай укук берилген эмес.

Бобинидеги сикх бутканасынын башчысы Чэйн Синх жакында президент Ширактын ысмына кат жолдоп, алардын балдарынын мектепте селдечен жүрүүсүнө уруксат берүүнү өтүндү. “Селдечен жүрүүгө тыйуу салынса, биздин
диний эркиндигибиз бузулат, француздардын сикхтерге болгон мамилесине доо кетет. Мусулмандардын чадрасы, жөөттөрдүн ярмулке-топусунан айрымаланып, сикхтердин башчалмасы диний символду билдирбейт”, -деп айтылат бул катта.

Бобини бутканасы “адамгерчиликсиз” мыйзамды кабыл алдырбаш үчүн “расасына жана динине карабай” Франциянын бардык жарандарын жардамга чакырып, кол топтой да баштады.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, сикхтердин канондору эркектердин чачын кырктыруусуна уруксат бербейт. Канондо селде жөнүндө эч нерсе айтылбаган.

Ал эми индуизм боюнча адистешкен таанымал француз аалымы Дени Матренждин айтышынча, “сикхтер үчүн селдесиз жүрүү жана узун чачын башкаларга көрсөтүү өтө маскара иш саналат”.
XS
SM
MD
LG