Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ЖАҢЫ КОСМОС ПРОГРАММАСЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/61ACC967-7241-48B2-BD47-9C8B5363AFD1_w203.jpg Кечээ АКШ президенти Жорж Буш жаңы космос программасын жарыялады. Анын айтымында, 2015-жылга чейин америкалык астронавттар кайрадан Айга конууга тийиш жана андан соң Марс планетасына дагы адам жиберилет. Буштун бул демилгесин окумуштуулар колдогону менен, саясатчылар анчалык оптимист эмес.

Президент Жорж Буштун айтымында, АКШнын азыркы космос чөлмөктөрү эскирип бүттү жана алардын ордуна жаңы космос кемелерин жасоо керек. Алар менен он жылдын ичинде адам кайрадан Айга барып конуп, анын үстүндө атайын космодром уюштуруп, андан Марс планетасына кеме учурса болот. Ал үчүн АКШ 2010-жылга чейин азыркы эл аралык космос станциясы менен байланыштуу иштерден чыгат жана өз алдынча программа аткарууга киришет. Ал программага 12 миллиард доллар бөлүнөт. АКШнын космос агенттиги - НАСАнын бир жылдык бюджети азыр 15 жарым миллиард доллар.

Жарыяны президент НАСАнын баш ордосуна 14-январда барганда жасады: "Биз космоско адамды алып чыга турган жаңы кемелерди курабыз, Айда жаңы база түзүп, андан ааламга саякат жасоого даярдыктар көрүлөт".

Президентин айтымында, алгач Айга роботтор жана айжүргүлөр жиберилет, ал үчүн таптакыр жаңы ракеталар жана кемелер курулууга тийиш. Отуз жыл мурда чыгарылган космос чөлмөктөрү чындап эле эскирди жана алардын бири былтыр жарылгандан жети адам ажал тапкан. Айдан болсо Марс же башка планеталарга ракета учуруу Жердегиге караганда алда канча жеңил болот, анткени Айдын гравитациясы Жердегиден бир нече эсе төмөн, андан тышкары Айдын айлануу инерциясын дагы колдонсо болот.

Анткен менен маселе карaжатка такалышы мүмкүн. Президент НАСАга кошумча акча убада кылганы менен, аны Конгресс бекитүүгө тийиш. Азыркы президенттин атасы Жорж Буш президент болуп турганда дагы ал 1989-жылы Айга адам жиберүү программасын сунуштаган, бирок Конгресс ага каражат бөлбөй койгон. АКШнын азыркы абалы болсо бир топ оор, Ирак согушу менен Ооганстандагы аракеттерге эбегейсиз каражат корогондуктан, өлкөнүн бюджет тартыштыгы тарыхта болуп көрбөгөндөй өстү, доллардын наркы болсо улам төмөндөп баратат жана ал тууралуу эл аралык каржы уюмдары да тынчсыздана баштады. Саясатчылардын пикиринде болсо, жаңы космос программасы - президенттик шайлоо кампаниясынын гана бир бөлүгү.

Бирок акыркы апталарда америкалык космос изилдөөчүлөр ири ийгиликке жетишип, 4-январда Марска марсжүргүсү бар роботту кондурду, 25-январда Марска дагы бир америкалык робот келет. Декабрда Марска конушу белгиленген британиялык аппараттын дайынсыз жоголгонун эске алганда, АКШ өзүнүн артыкчылыгын дагы бир жолу көрсөттү. Анын космосто негизги атаандашы боло турган Орусиянын экономикалык абалы болсо кыйла начар.

1957-жылы СССР космоско биринчи спутник учуруп, 1961-жылы космоско Юрий Гагарин учканда, АКШнын ал кездеги президенти Жон Кеннеди америкалык окумуштууларга атайын тапшырма берип, Айга биринчи конгон адам америкалык жаран болууга тийиш деп айткан. НАСА атайын "Аполло" аттуу программа түзүп, аны ийгиликтүү ишке ашыргандыктан, 1969-жылы чындап эле айга адамдардан биринчи болуп америкалык астронавттар Нейл Армстронг менен Эдвин Олдрин конгон.

Бирок ал программа өтө кымбат болгондуктан, кийин Маскөө да, АКШ дагы Айга негизинен робот гана жибере баштаган. Вашингтон болсо көп жолу колдонушулу мүмкүн болгон чөлмөктөр программасына киришкен. СССР дагы өз кезегинде "Буран" аттуу космос чөлмөгүн курган, бирок кайрадан эле каражат тартыштыгынан ал бир учкандан башка космоско чыккан эмес.
XS
SM
MD
LG