Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Таластык дыйкандар өкмөттүн чечимине нааразылык билдиришүүдө


ТАЛАС. Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резервдер боюнча өкмөт алдындагы агенттиктин Талас аймактык бөлүмүнөн 15-январь күнү алынган маалыматка караганда, 2-декабрда кыргыз өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык 2250 тонна төө буурчак электр энергиясынын карызы үчүн, ал эми 455 тонна төө буурчак жер салыгынын карызы үчүн элден кабыл алынган. Карыздары жок дыйкандардын төө буурчагы унга алмаштырылууда, жана негизги нааразычылык ушуга байланыштуу чыкты. Токтомго ылайык, төө буурчак кабыл алып, анын ордуна ун берүүчү 7 пункт иштеш керек болсо, учурда Маймакта, Боотеректе жана Талас шаарында 3 пункт гана иштеп атат. Экинчиден, Таластагы тегирмен суткасына 30 тонна гана ун чыгара алат, натыйжада ун алуучулардын кезеги узарып баратат.


Кабарларды Айданбек Акмат уулу менен Азиза Турдуева даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG