Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Шанхай кызматташтыгы уюмунун катчылыгы иштей баштады


БИШКЕК. Бүгүн Кытайдын борбору Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышты. Жыйындын башында министрлер уюмдун туруктуу иштей турган катчылыгын ачуу аземине катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкери Мухамед Лоу билдирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Аскар Айтматов Пекинде ШКУнун жыйынына байкоочу катары катышып жаткан Монголиянын Тышкы иштер министри Лувсангиин Эрдене Чулуун менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады.

XS
SM
MD
LG