Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Юстиция министри «Эл бийлиги үчүн» блогунун түзүлүшүн мыйзамсыз деп баалады


БИШКЕК. Бүгүн 1-вице-премьер-министр, Юстиция министри Курманбек Осмонов «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы 6 саясий партиянын кечээ жарыялаган кайрылуусун негизсиз деп баалады. Курманбек Осмоновдун айтымында, оппозициялык маанайдагы партиялар мыйзам бузуулар менен «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогуна биригишти. «Аталган партиялар «Кыргызстанда бир үй-бүлө үчүн гана кызмат кылган бийликтин авторитардык системасы орнотулган» деп билдирүү жасашты, бул - негизсиз, анткени, дүйнө Кыргызстанды демократиялуу өлкө катары тааныды», - деди Курманбек Осмонов. Анын маалыматы боюнча, «Асаба» кайра жаралуу, «КДК», «Кайран эл», «Эркин Кыргызстан», «Эркиндик» жана «Республика» партияларынын бир шайлоо блогуна бириккени бул партиялардын уставдарын бузуу менен коштолду. «Бул партиялардын лидерлери мындай чечимди эч кандай конференция, жыйындарды өткөрбөй туруп эле, өз алдынча кабыл алышты. Партиялардын мүчөлөрүнүн пикирлерине көңүл бурулган жок», - деп айтты Юстиция министри. Ал эми президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев аталган партиялар бийликке жетиш максатын гана көздөшүп жатат деген пикирин билдирди: - Максат түшүнүктүү. Алар бийликке жетүүнү каалап жатышкандыгы жөнүндө ачык жазып жатышат. Алар кандайдыр бир кыймылдарды да уюштуруша тургандыктары түшүнүктүү.
Ал эми «Асаба» кайра жаралуу партиясынын төрагасы, парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров азырынча шайлоо блогуна уставдары жол берген партиялар гана бириккендигин маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG