Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

РОМАНО ПРОДИ АНКАРАГА ТАРЫХЫЙ ДЭЭРЛИК ИШСАПАР МЕНЕН КЕЛДИ


Aким Өзгөн (Hakim Ozgen), Измир, Түркия Кипр жаңжалын БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын сунуштарынын негизинде чечүүгө багытталган иш-аракеттер кыйла күч алып жаткан тапта, Еврокомиссийанын төрагасы Романо Проди Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын чакырыгына жооп кылып, Түркийага ишсапар менен келди.

Өкмөт башчы Эрдоган Романо Продини Анкарада, Түркийанын улуттук гимнинин жана Евробиримдиктин (ЕБ) гимни болгон Бетховендин 9-симфонийасынын коштоосунда аскерий азем менен тосуп алды.

1963-жылы кол койулган Анкара келишиминен бери Түркийага келген Еврокомиссийанын алгачкы төрагасы болгон Романо Продини Еврокомиссийанын кеңейүү иштерине жооптуу мүчөсү Гүнтер Ферхойген коштоп жүрөт. Романо Продинин Түркийа үчүн тарыхый мааниге ээ болгон сайакатынын күн тартибинде Кипр жаңжалы жана Евробиримдикке мүчө болуу жарайанынын алкагында Түркийа шилтеген кадамдар негизги орунду ээлемекчи.

Түркийанын 40 жылдан бери улантылып келе жаткан “европалашуу” долбоорунда 2004-жыл чечүүчү мааниге ээ бир жыл. Анткен себеби, алдыдагы декабр айында өткөрүлүүчү саммитте Европа Биримдигинин жетекчилери ‘омоктуу демократийа, укук үстөмдүк кылган мамлекет, адамдын укуктары жана базар экономикасы’ делинген тармактарда Түркийанын Копенгаген критерийлерин аткарган-аткара албаганын иликтеп, анын натыйжасында Түркийанын Биримдикке мүчөлүкө өтүү максатында сүйлөшүүлөрдү баштоосу үчүн атайын датаны белгилөө (же андан баш тартуу) тууралуу чечим чыгарышы ыктымал.

Башкаруучу Адилет жана өнүгүү партийасынын өкүмөтү Копенгаген сайасий критерийлерин аткаруу максатында көптөгөн реформаларды ишке ашырды жана ашырып жатат. Түркийанын ушундайча кыска аралыкта орчун жана төңкөрүшчүл маанидеги реформаларды ишке ашыраарына оболу көзү жетпеген европалык жетекчилер Анкара өкүмөтүнүн чечкиндүү жана жигердүү реформалары, Ирак согушуна карата өткөн жылда АКШдан көрө европалыктарга жакын сайасат жүргүзүүсү жана жалпысынан эл аралык аренада пайда болуп калган жаңы кырдаал тууралуу мурдагыдан айырмалуу тыянак чыгарышты. Маселен, кийинки учурларда алардын Түркийага карата терс маанайдагы турумунун аста-секин алмаша баштагандыгы байкалат.

Мисалга алганда, айрым учурларда “Түркийанын Евробиримдикке кошулуусу мүмкүн эмес” деп так кесе айткан Еврокомиссийанын мүчөсү Гүнтер Ферхойген кечээ Германийада чыгуучу “Штутгартер цайтунг” гезитинде жарыяланган майегинде: “Түркийанын Евробиримдикке мүчө боло тургандыгы тууралуу чындыкты эми эч ким алмаштыра албайт”, - деп баса көрсөтүп, Түркийанын Европа үй-бүлөсүнө кабыл алынышы Европанын коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ болоорун бышыктады. Түркийанын ЕБге мүчөлүккө кабыл алынышы, Ферхойгендин пикиринде, Евробиримдик менен мусулман дүйнөсүнүн ортосундагы мамилелерде ачкыч сыңары рол ойной алат.

Айтор, Евробиримдиктин жетекчилеринин Түркийага карата көз карашы Түркийанын пайдасына өзгөрүп жатат; бирок өзгөчө христийан демократтык партийалар өз шайлоо өнөктүгүн “Түркийанын мүчөлүгүнө каршы болуунун платформасында” жүргүзүп жаткандыгынан улам, айрым Европа өлкөлөрүндө карапайым калктын ичинде Түркийага каршы болгондордун саны аз эмес. Дал ошол эле учурда, Түркийанын ичинде дагы, улуттук эгемендүүлүктү оозанган, мүчө болуу аркылуу эгемендүүлүк укуктарыбызды алдырып койобуз деп тынчсызданган чөйрөлөр деле жок эмес. Еврокомиссийанын төрагасы Романо Продинин Түркийага болгон сайакаты, бир чети, Түркийанын реформа жарайанын улантышына дем-шыкак болуусу, экинчи чети, Түркийанын ЕБге мүчөлүгүнө каршы болгон айрым жергиликтүү чөйрөлөрдүн мындай болочоктон шек санаган маанайын таркатууга жагымдуу таасир тийгизээри күтүлөт.
XS
SM
MD
LG