Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери бүгүн Бээжинде жыйын өткөрүшүүдө. Анда диний экстремизм жана эл аралык терроризм менен биргелешип күрөшүүнүн жолдору талкууланды. Жыйын 2001-жылы түзүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында өтүп жатат. Бүгүн жыйынга катышкан министрлер уюмдун туруктуу иштей турган катчылыгын ачышты.