Линктер

шаршемби, 22-февраль, 2017 Бишкек убактысы 05:52

ООНдун баш катчысы өзүнө жаңы кеңешчи дайындады


Кофи Аннандын буйругу менен Лахдар Брахими баш катчынын орунбасары деңгээлинде атайын кеңешчи болуп бекитилди. Бул тууралуу Аннандын басма сөз катчысы Фред Экхард билдирди. Брахими конкреттүү кандай милдеттерди аткара турганы азырынча белгисиз. Ал буга чейин баш катчынын Ооганстандагы атайын өкүлү болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG