Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Ирактагы америкалык администрация башчысы Вашингтонго келди


Пол Бремер бул жерде президент Жорж Буш менен жолугат, башка ырасмий өкүлдөр менен Ирактагы кырдаалга байланыштуу масилеттерди өткөрөт. Кечээ Басрада миңдеген шийиттер демонстрация өткөрүп, диний лидер ал-Систаниге колдоо билдиришти жана жакын аралыктын ичинде жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Бу демонстрация Вашингтонду ибеп жедирбейт, тескерисинче, демократиянын бакубат белгисин билдирет, деп айтты мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер. Ирактын убактылуу башкаруу кеңешинин учурдагы төрагасы Аднан Пачачи шайлоону 30-июнда өткөрүүнү жактап, бул ишти андан ары кечеңдетүү калктын кескин нааразылыгын пайда кыларын белгиледи. Пачачи америкалыктар менен жетишилген былтыркы келишим үзгүлтүккө учураса, өлкөнүн эгемендигин калыбына келтирүү процесси эки жылга созулуп кетерин эскертти.

XS
SM
MD
LG