Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Кыргыздын бул дүйнөдөн көзү өткөн белгилүү таланттарынын бири - улуу актриса, маркум Таттыбүбү Турсунбаева.

«Таттыбүбү Турсунбаева - кыргыздын жылдызы» деп тирүү кезинде эле эл оозуна алынган. Өнөр бийиктигине жетүүгө далалат кылган актрисанын чыгармачыл талантына шейкеш келген өң-келбети анын каалаган ийгилигин камсыз кылган. Өнөр чабытында жүргөн актриса Таттыбүбү Турсунбаева башка актрисаларга салыштырмалуу сулуулугу жагынан да, чыгармачылык сапатынан да, ал гана эмес, өмүр-тагдыры менен да айырмаланган.

«Улуу актриса» деген атакка ал ар бир образга жаңыча жасаган мамилеси аркылуу жеткен. Мурда аткарылып келген кандай гана ролдорго болбосун өз бетинче из салган. Ошол издер Таттыбүбүнү жаңы чыгармалар, ырлар, поэзиядагы эскермелер аркылуу эстетип турганы турган. «Мындай поэма, легендага айланган өмүрлөр кыргызда арбын. Анын бири - ушул Таттыбүбү Турсунбаева» деп жазылат эскермелерде.

«Аялзатынын сулуулугу – ички-сырткы дүйнөсү, жароокер, жайдары сапаттары айкалышып, табигый чырайына төп келиши менен бааланган. Сулуу аялдан аруулук аңкып турса, кимди болсо да өзүнө тартып, көз жоосун арбап алат. Андай сапат Таттыбүбү эжеде бар болчу», - деп эскерет Асылбек Өзүбеков.

Асылбек мырзанын айтымында, Таттыбүбүдөй сулуулар көбүнчө театр өнөрүндө кездешкен. Театр сулуу аялдын артыкчылыгын, анын таасын талантын талап кылган. Таттыбүбүдөй сулуунун асыл сапаттарын, табигый ажарын ачып, элдин алдына алып чыккан ушул театр болгон. Андыктан театр аркылуу «ай десе айдай, күн десе күндөй» деп сүрөттөлгөн аял сулуулугу байыркы жомоктордон тартып, классикалык чыгармаларга чейин даңазаланып келген.

«Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген» деп ооздон-оозго айтылып келет. Театрда ай-чырайлуу каармандарды кыйла жылдар бою аткарып келген маркум Бакен Кыдыкееванын улгая баштаган учурунда Таттыбүбүнүн чыга келиши токтоло калган чыгармачылыкты кайрадан жандандыргандай болгон.

Ал ролдорду аткарганда, башкалардай экилентип же бир өзгөчө көркөмдөбөстөн, жөнөкөй, турмуштагыдай ойночу экен. «Ошондон улам, жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү эле» деп жазган «Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол» деген эскерүүсүндө драматург, маркум Токтоболот Абдымомунов.

«60-70-жылдарда жаштардын көбү театрга Таттыбүбүнү көрүш үчүн келээр эле» деп айтылат дагы бир эскермеде. Маркум Таттыбүбү жараткан Жульетта, Дездемона, Зулайка, Ак мөөр, Уркуя сыяктуу кейипкерлер Таттыбүбү менен тагдырлаш, кайталангыс каармандар катары турмушта жашап калды. Тбилисиде өткөн Бүткүлсоюздук конкурста өнөрпоз айым «Советтик атуулдун эрдигине» деген дипломго татыган. Уркуянын кейипкердигин аткаруу - Таттыбүбүнүн чыгармачылыгында болобу, дегеле өмүрүндө болобу, айтор, олуттуу окуя.

Мындай айтканда, Таттыбүбүнүн экрандагы алгачкы кадамы 60-жылдарда башталган. 70-жылдары гүлдөп-өсүү тепкичине жеткен. Акын, маркум Жолон Мамытов Таттыбүбү аткарган образдардагы тагдырлар актрисанын өзүнүн өмүр-тагдырына окшоштугун мындайча туюндурган:

Жылмаюусун топтоп сүйкүм ууртуна,
Келишимди топтоп, бойго, тулкуна,
Бирде болсо Дездемона ай чырай,
Бет келишти бирде болуп Уркуя.

Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш-тушунан талаппыз,
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.


Акын Жолон Мамытовдун көз-карашында, Таттыбүбүнүн тагдыры өтө катаал келип, ал мезгилинен эрте кеткен өлүмү менен бүткөн. Таттыбүбү жөнүндө убагында ар кандай ушак-айыңдар болгон. Ал ушак-кептер Таттыбүбүгө иренжигендей көз-караштарды пайда кылбай койбогон.

«Көралбастыктын курмандыгы болду» деп да калышат кай бирлер. «Андай көз караштар Таттыбүбүнү бир кыйла жүдөтүп, мезгилинен эрте көз жумушуна түрткү болгондур» деген да пикирлер бар. Белгилүү кинорежиссер Клара Жусупжанова:

- Ай ушу, мен аялдардын көзүнөн корком, көзүнөн көрө албастык кылтыйып турат. Бир гана Таттыбүбүнүн көзүнөн ушуну көрө албадым. Ал наристе сыяктуу эле. Бүтүндөй таланты, ичиндеги тазалык көзүнөн ачылып көрүнүп турчу.

Анан да маданият кызматкерлеринин жетээр-жетпес айлык маянасы сахнадан сырткаркы жашоосун мүчүткөндүр. «Болбосо Таттыбүбү табигаттын улутка тартуулаган белеги, бир кылымда бир жаралчу талант болчу. Аны кылым төрөп берген эле», делет эске тутумдарда. Бирок, Таттыбүбүнүн кандай абалда, кандай жагдайларда болбосун, кимге болбосун саламды түз айтканы, жагымдуу жаркылдаган мамилеси жүрөк кагуусунун акыркы мүнөтүнө чейин өзү менен кошо жашаптыр. «Өтө боорукер, адамгерчилиги ченемсиз болгон», дешет аны жакшы билгендер.

Демек, андай адам да ошондой мамилеге муктаж болуп турары белгилүү. Бирок Таттыбүбү башкалардан өзү элге берген, үй-бүлөгө, дос-жарга берген жагымдуу мамилени алалдыбы - бул башка кеп.

Сахнада болобу, же экранда болобу, түрдүү образдарды, түрдүү жагдайларды, түрдүү мүнөздөрдү жарата билген талант Таттыбүбүнүн диапозону кеңейип, зор тажрыйбага жетишкенде жашоодон кете бергени ушундайча арман болуп калган. Ал ойногон каармандардын образы бири-биринен айырмаланып турчу экен. Бирдей образдарды жарата берсе, ал өзүн-өзү туурап, аткаруу ыкмасы шаблонго айланат деп түшүнгөн. Андыктан, ар кандай мүнөздөрдү изденүү менен жараткан.

Эми жетилип, эми бышып, мөмө төгөөрдө театр жылдызы сахнаны калтырып кете берген убак 1982-жыл болчу. Анда Таттыбүбү 37 жашта болгон. Анын өлүмү театрга Таттыбүбүнү көрүү үчүн келген көрөрмандар, жакын тууган, санаалаш-курбалдаштары, балдары үчүн орду толгус кайгы болсо, маданият үчүн чоң жоготуу болгон. Эгер азыр тирүү болсо, театр жылдызы 2004-жылы 60 жашка чыкмак.

Таттыбүбү Турсунбаеванын жакын курбусу болгон Жаркын Балыкбаева айткандай, бир аккуу учуп келди да, учуп кетти. Эми андай инсан дагы качан жаралат - ким билет. Дегеле кыргыз көркөм өнөрү менен адабияты таланттуу инсандарынан мезгилинен эрте ажыраганы өзүнчө эле бир кайгылуу көрүнүш. Айтсак, Бакен Кыдыкеева, белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу таланттар.

Ошондон улам, маркум Жолон Мамытовдун Таттыбүбүнү эскерип жазган «Ажал менен сулуулук» деген ырына кайрылсак:

Көргөн көрөр узун өмүр пайдасын.
Бирок, айтчы сен - өлбөстүк - кайдасың?
Зор сахнаңда ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, убакыттын кармашын.

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,
Эл-күзгүгө бир каранган экен да!


Таттыбүбү Турсунбаевадай мыкты таланттардын жаздым болушу эчен сонун образдардын ачылбай калышына себеп болсо, экинчиден бир кылымдын үч улуу таланттарынын өмүр-тагдыры армандуу болду делет эскермелерде. «Алардын эң армандуусу Таттыбүбү Турсунбаева» деп айтылып жүрөт.

Бирок «өлгөндөр жаш бойдон калат» демекчи, булардын жаркыраган элеси элдин эсинде жаш бойдон калды. Таттыбүбү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак. 60 жашка чыкмагын айтпаганда да канчалаган тарыхый образдар жаралмак. Аз жашаганы менен талант катары, ары сулуу, адамгерчилиги бийик айым, улуу актриса эл оозунда кылымдар бою аты өчпөй жашап калары шексиз. «Балким адам болуп төрөлүп, адам болуп өлүү ушул Таттыбүбү сыяктуу ички дүйнөсү назик сулууларга буюргандыр» деген да ой келет. Ошондон улам, жаратылышы таза инсандар бул жалган дүйнөнүн оюш-кыйыш соккуларына туруштук бералбай эрте кететтир.
XS
SM
MD
LG