Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

ИРАНДА САЯСИЙ САЙТТАРДЫ ЧЕКТӨӨ АРАКЕТТЕРИ КӨРҮЛҮҮДӨ


Иранда февралдын соңунда өтүүчү парламенттик шайлоонун алдында реформачыл күчтөрдү колдогон интернет–баракчаларды же сайттарды чектөө аракеттери көрүлүүдө. Маселен жакында эле Ирандын динчилдер көзөмөлдөгөн соту өлкөдөгү белгилүү интернет-сайттардын бирин чыпкалоону караган чечим чыгарды.

Адистердин айтымында, кайсыл бир сайтты “чыпкалоо” аны Ирандын ичинде ачуу мүмкүн болбой калат дегенди туюндурат. Ирандын маалымат каражаттары жабылууга тийиш болгон 150 интернет-сайттын тизмеси өкмөт тарабынан былтыр эле түзүлүп, интернет кызматын көргөзгөн компанияларга берилгенин кабарлашкан эле. Бирок өлкөнүн телекоммуникация министри бул маалыматты төгүндөп, эч кандай тизме жок экенин билдирген.

Ал эми быйыл 20-февралда Иранда кезектеги парламенттик шайлоо өтүшү керек. Мурдагы шайлоодо депутаттык орундардын көпчүлүгүн реформачыларга уттуруп жиберген диний консерваторлор бул жолу парламенттеги өз турумун бекемдөөгө аракеттенип жаткан кези. Андыктан аналитиктердин пикиринде, алар реформачылардын көз караштары чагылдырылып келген интернет-сайттардын ишин шайлоо алдында чектөөгө аракеттенип жатканы бекеринен эмес.

Динчилдер көзөмөлдөгөн сот өткөн аптада тиешелүү кызматтарга "Эмруз" деп аталган белгилүү интернет-сайтты чыпкалоого буюрду. "Эмруз" интернет-сайты адеп башталганда эле Ирандын саясий чөйрөсүнүн реформачыл тобуна жакын турган адамдар тарабынан уюштурулган. Блокадага мурда да кабылган болчу. Консерваторлор анын мазмунуна нааразы болуп келишкен. Журналист Сина Моталлеби муну "Эмруз " сайты Ирандын саясий турмушунда маанилүү роль ойноп жатканына байланыштырат:

- "Эмруз" Иранда акыркы эки жылдын аралыгында уюшулган саясий сайттардын арасынан өзгөчө мааниге ээ. Бир жагынан "Эмрузга" ээлик кылгандар адамдардын өкмөттүн ичиндеги реформачылардын прогрессивдүү тобуна жакындыгынан, башкаларда жок биринчи колдон алынган маалыматтарды бергендигинен улам кадырлуу. Экинчи жагынан, сайтка ээлик кылгандар саясатка активдүү аралашпайт жана башкаларга караганда саясий топтордун ичиндеги ар кандай чектөөлөрдөн эркин.

Сина Моталлеби - былтыр интернет сайтта жарыяланган макаласы, чет элдик радиостанциялар менен маек кылганы үчүн үч апта абакта отуруп чыккан журналист. Анын ишениминде, ирандык консерваторлор техникалык себептерден улам Интернеттен маалымат алууну толук тыя албайт:

- Техникалык проблемалардан улам интернет-сайттарга кеңири тыюу салуу мүмкүн эмес. Азыр эле Ирандын ичиндеги чыпкалоодон кутулуунун да башка көп жолдору бар. Мындан сырткары интернет- баракчалардын тез көбөйүп жатышы бир–эки сайттын жабылышы менен эле маалымат агымы токтотулушуна жол бербейт.

Акыркы жылдары интернет Иранда да ой-пикирди билдирүүнүн эң кеңири колдонулган ыкмасына айланды. Айрымдар саясий сайттардын ишин чектөө аракеттери башка сайттардын ишине да кесепеттерин тийгизиши мүмкүн деген ойдо. Өз макалаларын интернет аркылуу таратууга адистешкен калемгер Хусеин Дерахшан интернет-сайттарды Ирандагы жалгыз көз карандысыз маалымат каражаты деп эсептейт. Анын көз карашында, саясий топтор же партиялар колдобогон сайттар да саясий күрөштүн курмандыгы болушу арсар:

- Менимче өкмөт, асыресе сот бийлиги өзүлөрүнүн оппоненттерине жакын турган интернет–сайттардан көбүрөөк тынчызданат. Реформачылар да өз тарабынан эскичил саясатчылар менен топторду колдогон интернет- сайттардан кооптонушат.

Мындан эки аптача мурун Ирандын азыркы парламентинин реформачыл маанайдагы 140тай депутаты, өлкө президенти Мохаммед Хатамиге реформачыларга каршы иштеп жаткан интернет-сайттардын артында тургандардын бетин ачуу өтүнүчү менен кайрылган эле. Парламент депуттарынын айтымында, андай сайттарда реформачыларды жаманатты кылган жалган маалыматтар, ушак-айыңдар таратылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG