Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:26

ТАЖИКСТАНДЫН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ АЙРЫМ ЭРКИН ГЕЗИТТЕРДИ ЖАБУУ АРАКЕТИНДЕ


Жыргалбек Касаболотов, Прага Тажикстанда сөз эркиндиги бар экендиги ушу тапта күмөн туудура баштады. Анткени бул өлкөдө жумасына бир чыга турган эки эркин гезит жабылып калышы мүмкүн болуп турат. Бул басылмалардын журналисттеринин айтымында, өкмөт бул гезиттерди жабууга аракет кылууда жана буга өкмөткө сын айткан макалалар башкы себеп болуп жатат.

2003-жылы тыюу салынганга чейин “Рузи нав” (кыргызча “Жаңы күн”) жана “Нерои сухан” (кыргызча “Сөздүн күчү”) аттуу бул эки жумалык өтө популярдуу болчу. Айрым байкоочулардын пикиринде, буга сөз болуп жаткан гезиттер тыюу салынган темаларга тиш салганы башкы себеп болгон. Тажикстандын шартында өкмөттөгү коррупция жана улут аралык мамилелердин көмүскө жактары да ошондой темалардын катарына кирет.

Мамлекеттик “Шарки озод” аттуу басмакана ноябрда “Рузи нав” гезитин басуудан баш тартып, аны гезиттин контракты аяктап калганы менен түшүндүргөн. Гезиттин башкы редактору Ражаб Мирзо муну негизсиз деп четке каккан.

Декабрда болсо салык инспекциясынын кызматкерлери “Нерои сухан” гезитинин жыл аягындагы тиражын сатууга тыюу салышкан. Буга жумалык басылма инструкцияларга баш ийбегени, башкача айтканда басма үйүнүн аталышын жана тиражын көрсөтпөгөнү негиз болгон. “Нерои сухандын” редактору Мухтар Бокизода болсо андай маалымат жумалыкты басканы үчүн куугунтуктан чочулаган басмакананын талабы боюнча жазылбаганын айтты.

- Эркин типографиялар эркин гезиттерди басуудан баш тартышат. Анткени, алардын кызматкерлеринин айтымында, өкмөт басмаканаларга тымызын ушундай талап коет экен. Андыктан биз окурманга окуялардын чоо-жайын жеткириш үчүн гезитибизди мыйзамсыз жол менен чыгарууга аргасыз болуп атабыз. Биз кайрылган эркин типография “биз силердин гезитти басып чыгарабыз, бирок кайдан чыгарылганын силер көрсөтпөгүлө” деп шарт койду. Ошол себептүү салык полициясы биздин басылманын сатылышына тыюу салды, - деди Бокизода.

Мирзонун да, Бокизоданын да айтымында, өкмөттүн мындай эби жок аракеттери президент Рахмоновдун администрациясына карата жазылган сын материалдарга берилген жооп болуп эсептелет. “Рузи нав” гезитинин жамааты декабрдын башында президент Рахмоновго кайрылып, мындай чектөөлөрдү алып салууну өтүнгөн. “Биз гезитти басууну токтото турууну чечтик, анткени “Шарки озод” басмаканасы аны басууга макул болгон күндө да биз мындай чектөөлөрдүн артында ким турганын так билбейбиз” деп айтылат бул гезиттин кайрылуусунда.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы жана Маданият министрлиги бул эки басылмага акыркы убакта эки сыйра эскертүү жиберип, президент Рахмоновдун жана башка мамлекеттик жетекчилердин арнамысына жана абийирине шек келтирген материалдар мындан ары да басыла бере турган болсо, алар жабылып калышы мүмкүн экенин кабарлашкан.

Ал арада Тажикстандын Киреше министрлиги “Оила” жана “Тажикстан” аттуу эки басылманын финансылык абалын текшере башташты. Бул тууралуу кабар массалык маалымат каражаттарынын таламын талашкан уюмдарды аракетке келтирди. 6-январда жарык көргөн билдирүүсүндө Тажикстандын Эркин массалык маалымат каражаттарынын улуттук ассоциациясы “Рузи нав” жана “Нерои сухан” гезиттеринин тегерегиндеги жагдай атайын аракеттерди талап кылаарын жарыялады. Ассоциация басма сөздөгү талаш маселелерди сотко жеткирбей чечиш үчүн Басма сөз кеңешин түзүүнү сунуш кылды. Ассоциациянын көз карашында, мындай кеңешке журналисттер, редакторлор жана адвокаттар кирүүгө тийиш. Азырынча бул маселе талкуу жаратууда.

Жалпысынан 2003-жылы ушул ассоциациянын байкоочулары массалык маалымат каражаттарынын укуктарын Тажикстандын бийлик өкүлдөрү бузган фактылардын 100гө жакынын катташкан. Анын ичинен 70 факты акыркы 4 айда катталган. Уюмдун кайрылуусунда айтылгандарга караганда, мындай фактылар алда канча көп болушу мүмкүн. Кызык жери, ошол эле 2003-жылдын жыйынтыгы боюнча “Чегарасыз репортерлор” аттуу эл аралык уюм Тажикстанды сөз эркиндиги жагынан Борбор Азиядагы алдыңкы орунга чыгарды. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу чыгарылган жыйынтыкпы же чын эле иш жүзүндө ошондойбу, айтыш кыйын. Ал жогоруда айтылган проблемалардын чечилишине да көп жагынан көз каранды.
XS
SM
MD
LG