БИШКЕК. 16-январда «Кабар» агенттигинде Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Каныш Шаршекеева 2003-жылдагы банк тармагынын иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, өткөн жылдарга салыштырмалуу 2003-жылы Кыргызстандын банк тармагында өзгөрүүлөр болду. Былтыркы он бир айдын ичинде Улуттук банктын кирешеси 119 млн. сомдон ашкан. Депозиттер 30%га өскөн. Республикада ушул тапта 21 коммерциялык банк бар. Өлкөнүн аймагында алардын 155 филиалдары жана бөлүмдөрү иштеп жатат.