Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Граждандык коргонуу башкармалыгынын жыйынтыктоочу кеңешмеси өттү


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт үйүндө Граждандык коргонуу башкармалыгынын 2003-жылдагы иштеринин жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Ага граждандык коргонуунун башчысы, премьер-министр Николай Танаев, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери, Граждандык коргонуу башкармалыгынын облустук бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, граждандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Алмаз Камчыбеков өткөн жылда аткарылган иштерге токтолуп, алдыдагы иш-пландар менен тааныштырды. 2003-жылы Кыргызстанда 166 өзгөчө кырдаал түзүлүп, 44 адам каза болгон. 47 жер көчкү, 27 сел, 25 кар көчкүсү катталган.

XS
SM
MD
LG