Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Нарын АЙЫП, Прага Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер кечээ, 16-январда, Вашингтондо президент Жорж Буш менен жолугуп, Ирактагы абалды талкуулады. Дүйшөмбү күнү ал Нью-Йорк шаарына барып, Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан менен дагы кездешет. Учурда Иракта ири антиамерикалык демонстрациялар өтүүдө жана АКШ жетекчилиги бир топ кыйынчылыктарга такалууда.

Өткөн жылы АКШ Иракка каршы согуш жүргүзүп, анын жетекчилигин бийликтен кулаткандан кийин, 25 адамдан турган Башкаруучу кеңеш түзгөн. Ага өлкөдө жашаган күрддөр менен шийи мусулмандарынын өкүлдөрү да кирген жана акыркы мезгилге чейин Кеңеш менен америкалык башкаруучулук ортосунда өтө деле ири араздашуу болгон эмес. Башкаруучу кеңеш анча деле көп бийликке ээ эмес, ошондуктан ал негизинен жөн гана өзүнө ыйгарылган бийлик укуктарын кеңейтүүнү жана келечекте курала турган өкмөттү дал ушу Кеңештин негизинде түзүүнү сунуш кылып, мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдөгү бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылып келген.

15-ноябрда Кеңеш менен америкалык башкаруучулук ортосунда келишим түзүлүп, 2004-жылдын 30-июнуна чейин өлкөдөгү бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү макулдашылган. Ал үчүн өлкөнүн 18 вилайетинде (провинциясында) атайын жыйындар өткөрүлүп, алар парламент сыяктуу түзүлүштүн милдетин аткарган убактылуу жыйынга (ассамблеяга) өкүл тандамак. Май айында түзүлө турган ал ассамблея кийин бир жылдын ичинде шайлоо өткөрмөк.

Бирок америкалыктар өлкөдөгү шийи мусулмандарынын элге болгон таасирине жана күчүнө жетиштүү маани бербеген сыяктуу. Акыркы апталарда Иракта көптөгөн митинг-демонстрациялар өтүп, ага катышкандар өлкөдө тез арада жалпы элдик түз шайлоо өткөрүүнү талап кыла баштады. 15-январда Басра шаарында өткөн демонстрацияга 30 миңдей адам катышты жана анын уюштуруучуларынын айтымында, керек болсо алар андан да көп адам чогулта алат.

Шийилердин жетекчиси аятолла Али Систанинин айтымында, шайлоо өтүп, бийлик ирактыктардын өзүнө берилгенден кийин америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш, андай нерсе болсо Батыш коалициясынын пландарына кирбейт. Систанинин жардамчыларынын айтымында, анын талаптары аткарылбаса, аятолла батыба (фетва) да жарыялап, америкалыктар түзө турган кандай болбосун бийлик Иракта мыйзамсыз деп чечиши мүмкүн. Байкоочулардын пикиринде, андай батыбаны шийилер гана эмес, суннийлердин бир тобу да кабыл алат. Ирактын 25 миллион калкынын 60 пайызын шийилер түзөт.

Лондондогу "Экономист" басылмасынын эксперти Нил Патриктин пикиринде, Систанинин айткандарын олуттуу кабыл алуу зарыл:

- Буга чейин шийилердин демонстрациялары негизинен жашоо шарттарын жакшыртуу талаптары менен болсо, азыр Систанинин батасы менен ири саясий демонстрациялар башталды жана алар коалициянын пландарына таасир этиши мүмкүн. Менин оюмча, бул - абдан олуттуу өзгөрүү.

Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер, 16-январда кечинде президент Жорж Буш менен жолукканда, Систани менен кандайдыр бир мунаса табыш керектигин, бирок аны менен катар, июндун аягына чейин шайлоо өткөрүү өтө кыйын экенин айтты:

- Бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү белгиленген 30-июнга чейин кандайдыр бир олуттуу шайлоо өткөрүү мүмкүн экенинен биз, Бириккен Улуттардын баш катчысы айткан сыңары, күмөн санайбыз.

Бремердин пикиринде, Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү жараяны ачык жана демократиялык мүнөздө болушун АКШ дагы, Систани да каалайт жана вилайеттерде өткөрүлө турган жыйындардын тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Аны менен катар, Ирактагы иштерге «Бириккен Улуттар Уюмун кеңирирээк тартуу зарыл» дейт АКШ өкүлү. 19-январда Бремер мырза БУУнун башкатчысы Кофи Аннан менен да жолукмакчы.
XS
SM
MD
LG