Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

ЮКОС ЧАТАГЫНЫН ЖАҢЫЧА ӨНҮГҮШҮ. ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ДЕМОКРАТИЯЧЫЛ ТАЛАПКЕРДИН КАТЫШУУСУ.


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Ушул апта ичи орусиялык басма сөз беттеринде ЮКОС чатагынын айланасындагы окуялар, алдыдагы президенттик шайлоого демократиялык бутактын да катышуусу, ошондой эле орус жергесинде мыйзамсыз иштеп жатышкан эмгек мигранттарынын абалына байланыштуу маселелер көңүл борборунда турду.

Каринна Москаленко – Ходорковскийдин адвокаттарынын бири - ишкерди абактан бошотуу боюнча даттануу менен сотко кайрылуу ишинен майнап чыгуусуна баштан эле ишене бербегендигин айтты «Газета» басылмасына берген интервьюсунда. Анын оюнда, орусиялык соттор тарабынан чыгарылып жаткан өкүм жана айыптоочулардын аракеттери адам укуктары боюнча эларалык Конвенциянын, ошондой эле орусиялык мыйзамдардын орой бузулушу менен өтүп жатат. Ошондуктан Москаленко акыйкат өкүмдү Орусиядан эмес, адам укуктары боюнча Европалык соттон гана күтүүгө болот деп эсептейт.

«ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы кожоюну Ходорковскийдин кайра абакта калтырылышы президенттик шайлоого чейин убакыт бар экендигин билдирет. Ал эми анын мурдагы кесиптештери, ишкерлер Леонид Невзлин менен Владимир Дубовго айып тагылып, аларды издөө жарыя кылынгандыгы тууралуу бейрасмий жана түшүнүксүз маалыматтын таркашы президенттикке талапкер Ирина Хакамаданын сөзүнөн кийин жаралды. Ошондой эле, өлкөдө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү тууралуу Путиндин сөзү шайлоо алдынан жасалган көргөзмө болду», - деген тыянакка келишти айрым жергиликтүү байкоочулар.

ЮКОС жана алдыдагы президенттик шайлоо менен байаныштуу дагы бир окуя – ЮКОСтун акционерлери Леонид Невзлин менен Владимир Дубовго издөө жарыя кылынгандыгын бейшембиде «Интерфакс» кабарлаган эле. «Маалымат агенттиги таркаткан кабар ушул тапка чейин толук тактала элек. Невзлин да, башкы прокуратура да бул тууралуу кабары жоктугун айтышса, министрликте аны такыр эле четке кагышты» деп жазды ишемби күнү «Коммерсант» . Бул түшүнүксүз окуя, макала авторунун пикиринде, Кремль тарабынан маалымат агенттиги аркылуу атайын берилген көмүскөдөгү ымала болушу мүмкүн. Анткени Невзлин ушул тапта президенттикке талапкердигин жарыя кылган мурдагы СПС партиясынын лидерлеринин бири Ирина Хакамадага каржылык колдоо көрсөтө тургандыгын билдирген эле. Бул тууралуу Хакамада өзү төмөнкүлөрдү айтты.

Ирина Хакамада:

- Леонид Невзлин менин талапкердигимди колдой тургандыгын жана каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ачык эле айткан. Чынында, мен бул тууралуу анын өзүнөн эмес, гезиттер аркылуу билдим. Анын үстүнө, ал «Ачык Орусия» корунун баардык өкүлдөрүнө убактылуу жумушун таштап, мага жардам көрсөтүү сунушун киргизген. Шайлоо өнөктүгүндө мага жардам көрсөтүүгө багытталган чараларга «Ачык Орусия» жана ЮКОС мунай компаниясы катышышпайт.

«Президенттик шайлоодо либералдык баалуулуктарды жактаган талапкерлердин орду бош болбой, аны Хакамада ээлегендиги Кремлдин өзү үчүн өтө пайдалуу. Хакамаданы көптөгөн демократтар бул чечими үчүн айыптаганга да үлгүрүштү. Анткен менен, дал ушул айымдын чечими орус коомунда президенттик шайлоого катышуудан баш тартуу идеясын жокко чыгарды», - деп жазат «Московские новости» гезитинин кабарчысы Людмила Телень.
XS
SM
MD
LG