Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Жалалабадда диний экстремизмге каршы күрөштүн бир жылдык жыйынтыгы чыгарылды


ЖАЛАЛАБАД. 17-январда облустук ички иштер башкармасы диний экстремизмге каршы күрөш боюнча былтыр аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Былтыр диний экстремизмге тиешелүү 44 кылмыш иши катталган. Кармалган 16 адамга эскертүү берилип, 26 адам сот тарабынан түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылган. Жалалабад, Ташкөмүр, Сузак, Базаркоргон, Аксы, Ноокен райондорунан «Хизб ут-Тахрир» партиясынын өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө, АКШ, Европа саясатына каршы үндөгөн, ислам халифатын курууга чакырган 397 баракчасы, 283 китепчеси, 39 аудиотасмасы жана 2 куралы табылган. Диний экстремизмге каршы күрөшүүдө ички иштер башкармалыгынын адистери бул иште коомчулуктун колдоосу зарыл экендигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG