Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстан элинин ассамблеясынын курултайына даярдык жүрүп жатат


БИШКЕК. Кыргызстан элинин ассамблеясы 30-январда Бишкекте кезектеги 4-курултайын өткөрүүнү болжоп жатат. Курултайда негизги маселе катары «Улуттук өнүгүүнүн концепциясы» талкууланып, кабыл алынаары күтүлөт. Мындан тышкары, ассамблеянын уставына өзгөртүү киргизилет. Курултайдын ишине президент Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөмөкчү. Ал эми 29-январда ассамблея мүчөлөрүн премьер-министр Николай Танаев кабыл алат. Бул тууралуу маалымат бүгүн ассамблеянын кеңсесинен алынды. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 154 улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын ичинде кыргыздар калктын 65%, өзбектер 14%, ал эми орустар 10% түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG